www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткендеги контрабанданын баары «шоопурдан» башталган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев super.kg порталына берген маегинде билдирди.
«Контрабанда боюнча айтылып жаткан сөздөрдүн баары чын. Өзүңөр ойлоп көрсөнөр, эң жакыр облус бул Баткен облусу. Жада калса таза суу маселелеринде тартыштык бар. Жөнөкөй эле түтүк чыгара турган заводду ал жакка эч ким курган жок. Бирок шайлоого келгенде депутаттыкка аттангандар миллиарддаган сомдорду коротуп жатышпайбы. Бул эмнени билдирет? Бул деген бүт баары контрабанда менен байыды дегенди түшүндүрөт.
Баары «шоопурдан» башталган. Андан ары чоң кызматтагылардын өкүл баласы, күйөө баласы болуп уланып кеткен. Алардын Баткенде 1 дагы фирмасы жок. Баары Бишкекте, сайттары, телевидениелери бар. Алар Баткенди жөн гана колдонуп келишкен жана контрабанданы ошол бойдон кармап тургусу келет», - деди Суваналиев.
Булак: NazarNews.kg