www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муздак душ алуу энергия тартуулап, уйкулуу абалдан чыгууга жардам берерин билбеген жок чыгар. Бирок анын пайдалары бул менен чектелип калбайт экен. Муздак же болбосо жылымык суу менен кыска душ алуу териге керемет сулуулук берчү касиетке дагы ээ экендиги белгилүү болду.

 Терини жалтыратып, тунук кылат

Муздак душ алуу кан айланууну жакшыртат. Бул болсо бетибиздин тунук, жалтырап турушун камсыздайт. Мындан тышкары, терини тунук кылуу үчүн узак убакытка муздак сууга жуунганга мажбур эмессиз. Жеңил муздак суу же жылымык суу менен дайыма душ алуу териге кам көрүү үчүн жеткиликтүү болот.

Теринин картаюусунун алдын алат

Муздак душ алууну адатка айлантуу теринин көп убакытка жаш бойдон сакталуусуна жардам берет. Себеби, муздак суу нерв системаларын аракетке келтирип, организмдеги стресс менен күрөшүүчү гормондорду ойготот. Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, стресстин теринин картаюусу менен толук түрдө байланышта экендиги жана бир нече системага терс таасир берери далилденген.

Стресске байланышкан тери ооруларын басат

Муздак душ алуу мээде электр толкунун жаратып, бактылуулук гормону аталган эндорфиндин бөлүнүп чыгуусун шарттайт. Мындай элементтер организмден бөлүнүп чыкканда стресс азайып, безетки, псориаз жана дерматит сыяктуу тери көйгөйлөрүнө азыраак кабыласыз.

Тешикчелерди бекемдейт

Муздак душ теридеги тешикчелерди  кичирейтүүчү касиетке дагы ээ. Айрыкча жүзүбүзгө жандуулук берип, теринин жылмакайлыгын арттырат. Муздак суу кан тамырлардын жыйрылуусун камсыздап, бетибиз тунук жана ак көрүнө баштайт.

Териге байланышкан көйгөйлөрдү жок кылат

Ысык душ алуу терини сезгентип кызаруу, кычышууну пайда кылып, ал тургай сыйрылуусуна себеп болсо, муздак суу тескерисинче кычышууну жок кылып, кызаруу жаратпайт.

Бир изилдөөдө муздак душ алуунун псориазды азайтууга жардам берери далилденди. Бирок, муздак душ алуу айрым кишилер үчүн рисктүү болушу мүмкүн. Адистер бул боюнча жүрөк оорусу менен алпурушкандарды айрыкча белгилешет. Анткени, алар үчүн коркунуч туудурат. Өтө муздак суу кан тамырлардын жыйрылуусуна жол ачып, жүрөк кармап калышы мүмкүн. Ошондон улам, кандайдыр бир ооруңуз болсо, бул боюнча врач менен кеңешкениңиз пайдалуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости