www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүтүндөй бир үй-бүлөнү өлтүрүп, уккан адамдын үрөйүн учурган окуяга байланыштуу мыйзам, укук маселеси коомчулукта катуу талкууланып жатат. 

Өкүнүчтүүсү, ошол мыйзам, укук маселесине басым коюп, "шок" болуп жатканыбыз менен буга чейинки кайдыгерлигибиздин кесепети ушул абалга жеткирип жатканын түшүнө турган учур келди. 

Дегенибиз, бийлик башындагы төбөлдөрдүн мыйзамсыз аракеттерин, иштерин көрүп туруп, "бул биздин бала, башкалар деле ошону кылмак, келесоо болсо дагы өзүбүздүн бала" деген оору менен кубаттап, колдоп жатканыбыздын натыйжасы ушундай тескери көрүнүштөргө түрткү болууда. 

Мыйзам иштебеген өлкөдө адамдын аң-сезимине сыйбаган, “шок” кылган мыкаачылык көп болот. А биз болсо дал ушул мыйзамдуулукту талап кылууга келгенде, акыйкатты, калыстыкты айткандын ордуна, бийликтин мыйзамсыз иштерине көз жуумп, ал түгүл "туура кылат" дегенди айтып шыкактап турабыз. 

Анан биздин ушундай эки жүздүү, кошоматчы, караңгы, өз укугубузду билбеген деңгээлибизди көргөн акыл-эси тайкылар, "баарын боло берет экен да дешип" үрөй учурган кылмыштарды жасап жатышат. 

Мына буга дейре Бурулайдын өлүмү, 13 жашар кыздын зордукталышы сыяктуу эмне деген гана мыйзамсыз, зөөкүрлүк, канкорлук иштер болду. Тиешелүү жаза алыштыбы? Дагы да болсо кайдыгербиз. 

Дегеним, мыйзамсыз абакта солкулдаган жаш кыз Орозайым Нарматова отурду. Анан бул кылганыңар болбойт дегендин ордуна, "ырас болот, тилинен көрдү эмнеге өлкө башчысын сындайт" деп каргагандар болду. 

Азыр дагы мыйзамсыз 70тен ашкан Асия Сасыкбаева, ошондой эле, Гүлмира Журабаева, Перизат Суранова, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова сыяктуу айымдар ден соолугунан ажырап абакта отурушат. Эми ушул акылга, мыйзамга сыябы? 

Кыргыз качан энесин, кызын кор кылды эле? Эгер карындаштарыбыз, эже-сиңдилерибиз, наристелер азыркыдай мыкаачы айбандарга жем болбосун десек, өзүбүздүн көз карашты өзгөртөлү. Кош стандартуулукка жол бербейли. 

Өзгөрүүнү кааласак өзүбүздөн баштайлы. Мыйзамдуулукту талап кылалы, мыйзам бузгандарды кылмышкер деп атайлы. Сен өзгөр, мага боло берет дебей баарыбыз өзгөрөлү. Ансыз оңолушубуз кыйын.

Мыйзам иштебеген өлкөдөн өнүгүүнү күтүүгө болбойт. Ким кылмыш жасаса, мейли президент, мейли койчу болсун, даражасына, статусуна карабастан, мыйзам алдында бирдей жоопко тартылыш керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости