www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурда Бишкекте айрым чет өлкөлүк жарандар тарабынан коомдук тартипти жана мыйзам талаптарын бузуу учурлары катталууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн соттун чечими менен 450дөн ашык чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылган. Ошондой эле 7,9 миңден ашуун адам административдик жоопкерчиликке тартылып, 65 миллион сомдон ашык айып пул салынган, 39 адамга карата кылмыш иши козголгон.

Милиция чет өлкөлүк жарандар көп иштеген курулуш компанияларында жана көңүл ачуу жайларында профилактикалык иштерди жүргүзүп, аларга Кыргызстандын мыйзамдарын сактоо, коомдук тартипти урматтоо жана жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.

Сүрөт иллюстртивдүү

Последние новости