www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан Мажилиси кирешелери менен чыгашаларында чоң айырма бар аткаминерлерге айып пул салуу жана иштен алуу сунушталган «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери менен чыгашалары 2026-жылдан тарта салыштырыла баштайт. Айып пул төлөтүү жана кызматтан алуу жазалары 2027-жылдан баштап киргизилет.
«Ал эми ортодогу айырмачылык анын бир жылдык кирешесинен ашса жана аны [акчаны] кайдан алганын түшүндүрүп бере албаса, анда иштен алынып, үч жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан ажыратылат», - деди Ахметжанов.
Буга катар мыйзам долбоорунда жемкорлук тууралуу кабар берген адамдын жеке маалыматтарын купуя сактоо нормасын киргизүү сунушталууда. Мындан тышкары документте ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же максатсыз коротууну жана кызмат абалын пайдалануу менен алдамчылык кылууну коррупциялык кылмыштардын катарына киргизүү каралууда.
Казакстанда аткаминерлер жана алардын жакындары 2021-жылдын 1-январынан тартып кирешелери жана мүлктөрү тууралуу декларацияларды тапшырууга милдеттүү. 2021-жылы күзгө карата казакстандык 497 мамлекеттик кызматкер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү декларация тапшырган. Бийлик негизги максат кирешелерди легалдаштыруу болгондуктан, аткаминерлердин алгачкы декларациялары боюнча текшерүүлөрдү жүргүзбөөнү убадалаган. 2019-жылы өлкөнүн Каршы министрлиги мамлекеттик кызматкерлер тапшырган декларациялар ачык жарыялана турганын билдирген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин алар жалпы жарандарга жеткиликсиз болуп келет.
Булак: NazarNews.kg