www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экология министрлигинин кызматкерлери менен Чүй-Бишкек мергенчилер жана балыкчылар коомунун өкүлдөрү №2 Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычында узундугу 300 метр болгон синтетикалык торду колдонуп, мыйзамсыз балык уулап жаткан эки жаранды аныкташты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Кармоо учурунда алардан 15 даана балык алынган.
Рейддин жыйынтыгында мыйзам бузуучуларга карата административдик протокол түзүлүп, ар бирине 10 миң сомдон, жалпы 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча доо коюлду.