www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз курулуп жаткан курулуштар көбөйдү

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги башкармалык сот органдарына өткөрүп берген курулуш компаниялардын жана алардын өз билемдик менен жана курууга уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин жарыялады.

«Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, тизмеде Бишкек шаарында салынып бүткөн, курулуп жаткан же пайдубалы казылган бойдон турган 38 турак-жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары келтирилген. Мамкурулуш агенттиги жарандарды соттук териштирүү иштери аяктаганга чейин жана соттун чечими чыкканга чейин аталган объектилерден турак жай сатып албоого чакырат.

2023-жылдын февралында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Кыргызстанда мамлекеттик органдардын уруксаты жок курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн саны 87 экени, алардын 34ү Бишкекте экени маалым болгон. Соңку маалыматтан көрүнүп тургандай, аларга дагы төртөө кошулуп, борбор шаарда 38 мыйзамсыз курулуш болуп калган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости