www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген 32 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 1993-1997-жылдары мамлекеттик менчикте турган спорт комплекстин аймагындагы сүзүү бассейнине тиешелүү 174,6 чарчы метрди түзгөн көмөкчү жайлар мыйзамсыз түрдө жеке жактарга өтүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чара көрүү актыларынын жыйынтыгында, баасы 32 млн 840 миң сом болгон жогоруда белгиленген объект мамлекеттин карамагына кайтарылды.