www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Ормуз кысыгынын аймагында болжол менен 1500 танкер жана жүк ташуучу кемелер өтүүгө уруксат күтүп турушат. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы билдирген.
Маалыматка ылайык, танкерлер жана жүк ташуучу кемелер Ормуз кысыгы аркылуу өтүү үчүн Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун уруксатын күтүп жатышат.
Ошондой эле, Ирандын аскер-деңиз күчтөрү аймактагы суу мейкиндигин коргоо максатында жогорку даярдык абалына келтирилгени жана Перс булуңундагы кырдаалды көзөмөлдөөнү улантып жатканы белгиленген.
Белгилей кетсек, Ормуз кысыгы дүйнөлүк энергетикалык ташуулардагы негизги жолдордун бири болуп эсептелет. Бул аймактагы чыңалуу дүйнөлүк энергетикалык рынокко түздөн-түз таасирин тийгизип жатат.