www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 18-майында Астана шаарында «Борбор Азия - Кытай» форматындагы ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин экинчи жолугушуусу болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө трансулуттук кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, терроризмге, экстремизмге жана киберкоопсуздук коркунучтарына каршы күрөшүү маселелери талкууланды.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков заманбап чакырыктар биргелешкен ишти күчөтүүнү, маалымат алмашууну жана координацияланган эл аралык операцияларды жүргүзүүнү талап кыларын белгиледи.
Ошондой эле жолугушууда Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн эл аралык операциялардын жыйынтыктары айтылып, анын жүрүшүндө баңги заттардын мыйзамсыз ташуу каналдары токтотулуп, трансулуттук кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалып, ири өлчөмдөгү баңги каражаттары жана прекурсорлор алынганы маалымдалды.
Мындан тышкары, тараптар терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү чараларын талкуулап, ошондой эле укук коргоо органдарынын ортосундагы билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүү, биргелешкен стажировкаларды уюштуруу жана кесиптик тажрыйба алмашууну кеңейтүүнүн зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.
Жолугушуунун соңунда кыргыз тарап катышуучуларды 5-июнда Кыргыз Республикасында өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйынына чакырды.
Жыйындын соңунда тараптар протоколго кол коюшуп, анда талкуулардын жыйынтыктары бекитилип, трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында кызматташууну андан ары өнүктүрүүгө даярдык тастыкталды.