www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Анын негизги бөлүгүн кыргызстандык мунай ташуучулар Россиянын заводдорунан ташып келет. Дээрлик толук түрдө көз карандылык күчтүү десек жарашат.
Мына ушул маселени чечүү үчүн Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Балтадагы кытайлар курган "Жунда" заводун кайрадан модернизация кылуу үчүн 500 миллион доллардан ашык каражат сарптоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.
Бул маселе боюнча Кабмин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келиптир.
Бирок мындан 9 жыл мурун 300 миллион долларга азыркы заман талабына шайкеш заманбап технология менен жаңы эле салынган заводду кайрадан жарым миллиарддан ашык долларга модернизация кылабыз деген түшүнүксүз. Завод жылына 800 миң тонна күйүүчү-майлоочу май чыгарганга (бензин, солярка) чыгарганга жөндөмдүү кубаттуулугу бар.
Анан жаңы салынып, оңдуу иштетилбей токтоп турган заводду оңбогондой каражат сарптап жаңылайбыз деген, өлкөнү карызга батырып, акча адалдоо жыттанып турган жокпу? Дегенибиз, заманбап жаңы технология менен салынган заводго 300 миллион жумшалса, анан аны жаңылаш үчүн 500 миллион доллардан ашык каражат сарпталат дегенге ким ынанат? Экинчи ТЭЦ болуп жаткан жокпу?
Булак: NazarNews.kg