www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Транспорт министрлиги менен Кыргызстандын жарандык авиациясы эки өлкөнүн авиациялык бийлигинин ортосундагы консультациялык протоколго кол коюшту.

Тараптар төмөнкүлөрдү макулдашты:

Россиялык авиакомпаниялар РФтин каалаган пунктунан Бишкек, Ош жана Тамчыга уча алат (Алматы аркылуу). Алар КРдин үч аэропортунан Кытайдагы бир пунктуга (Пекин, Үрүмчү, Тяньцзинден башкасы) жана Азиянын эки пунктуна (аталышы айтылган эмес) уча алат;

Кыргызстандык авиакомпаниялар үчүнчү өлкөлөргө токтоо менен Россиянын 25 пунктуна учуп, ал жактан башка мамлекеттерге бара алат. Бирок үчүнчү өлкөлөрдөгү пунктулардын тизмеси алдын ала макулдашуудан өтүшү керек;

Эки өлкө ортосунда учууларды аткарган авиакомпаниялардын санына киргизилген чектөөлөр алынат;

Аба кемелеринин көлөмүнө киргизилген чектөөлөр алынат;

Эки тарап тең макулдашылган маршрут боюнча жумасына 14 жүк ташуучу рейстерди аткара алат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости