www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мырзакат Тыналиев: «Кеп Москваны коргоп калууда эмес...»

«Советтик авиаконструктор, авиаонор жай эл комиссарынын орун басары Александар Яковлевдин «Өмүр максаты» китебинен:

«Немистер 1941-жылы Москвага жакындап калганда менин Сталин менен мамилем жакшы экенин билишкен жолдоштор Сталинден «Москваны коргоп кала алабызбы?» деп сурап берүүмдү айтып калышты.

Бир жолу Сталин менен сүйлөшүп турганда, ага ушул суроону бердим.

«Кеп Москваны коргоп калууда эмес, согушта кимдин жеңе турганында. Албетте, биз жеңебиз, анткени, согуш - бул ресурстар. А Гитлер Европаны бүт бойдон алдына салып, шапалак менен айдап келе жатканына карабастан, бизде ресурстар алардыкынан көп», - деп жооп берди Сталин.

Евробиримдик Украина үчүн жаңы аскердик миссия түздү

Миссия Украинанын Куралдуу күчтөрүн, анын ичинде ЕБге мүчө өлкөлөрдөгү Аймактык коргонуу күчтөрүн жеке, жамааттык жана атайын даярдыктан өткөрөт.

«Миссиянын максаты Украин Куралдуу күчтөрүнүн аскердик операцияларды натыйжалуу жүргүзүү мүмкүндүктөрүн жогорулатуу болуп эсептелет», – деп жазылган ЕБ кеңешинин билдирүүсүндө.

Миссиянын ыкчам штабы Брюсселде ачылып, аны Аскердик пландаштыруу жана операцияларды жүргүзүү боюнча атайын күчтөрдүн директору, вице-админирал Эрве Блежан жетектейт.

Миссиянын ишине Европа биримдигине мүчө өлкөлөр, ошондой эле башка эл аралык өнөктөштөр да катышат. Ал украин аскерлерин даярдоо боюнча Улуу Британия, АКШ жана Канададагы борборлорду да координациялайт.

Миссиянын иши азырынча эки жылга пландалып, анын бюджети 106,7 миллион евро болору макулдашылды.

ЕБ кеңеши мындан тышкары Украинага курал-жарак сатып алуу үчүн 500 миллион евро бөлүүнү жактырды. Муну менен Евробиримдик Европанын тынчтык фондунун алкагында Украинага жардам катары бөлгөн жалпы каражат 3,1 миллиард еврого жетти.

Буга чейин АКШнын президенти Джо Байден өлкөнүн коргонуу бюджетинен Украинанын коопсуздук жана коргонуу тармагына жардам берүү үчүн 725 миллион доллар бөлүүнү тапшырган.

Жаңы жардам пакетине аскердик техника менен ок-дарылар, анын ичинде HARM жогорку ылдамдыктагы радарга каршы ракеталар, HIMARS системалары үчүн кошумча жабдуулар, ок атуучу куралдар жана эки миллиондон ашык ок-дарылар кирет. Мындан тышкары, АКШ Украинага медициналык буюмдарды жөнөтүп, аскердик машыгууга көмөктөшөт.

2022-жылдын башынан бери АКШ Украинага 50 миллиард доллардан ашык каражат бөлгөн, анын дээрлик 27 миллиард доллары түздөн-түз аскердик муктаждыктар үчүн берилген.

Мурдараак Улуу Британия Украинага NASAMS зениттик-ракеталык комплекстери үчүн ракеталарды, Франция абадан коргонуу системаларын, Канада 35 миллион долларлык аскердик жардам берерин билдирген.

Мырзакат Тыналиев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости