www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мырзалар кандай аялдарга үйлөнгүсү келбейт?

Кыз-келиндердин кээ бир кылыктары эр-азаматтарды чочутат. Бир нече китептин автору, таанышууга арналган мобилдүү кошумчаны ойлоп чыгарган Саманта Дэниэлс эркектер үйлөнгүсү келбеген аялдардын 10 түрүн атап көрсөткөн.

Педагог аял

Эркекке акыл үйрөтүүгө аракет кылган аялдар алгач камкорчу болуп көрүнүүсү мүмкүн, бирок эркектер мындайлардан бат эле тажашат.

Сезим менен ойногон аял

Жигиттер сезим менен ойногон аялдардын кылыгын көтөрө беришпейт. Эркектер өздөрүн болгон кыял-жоругу менен кабылдагысы келбеген аялдарга үйлөнүүдөн качышат. Мындай адат уруштун тез-тез чыгуусуна алып келет.

Кызганчаак жана ишенбеген аял

Аял киши себепсиз кызгана берсе жана күйөөсүнө ишенбесе, эркектер мындай аялдар менен өмүрүн байланыштыргысы келбейт.

Өзүн толугу менен күйөөсүнө арнаган аял

Жигиттер камкордукту, мээримди каалашканы менен өзүн таштап салган аялдарды каалашпайт. Алар аялдардын өздөрүнүн жеке кызыгуусунун болгонун жактырышат.

Атасы менен байланышы жок аялдар

Мындай кыз-келиндер адатта өздөрүнөн көп жаш улуу кишилерге турмушка чыгышат. Алар аталарынан ала албаган мээримди күйөөсүнөн алгылары келишет. Убакыт өткөн сайын жолдошу ага жар эмес, ата иретинде болуп калат.

Баардыгын энеси менен акылдашкан аял

Эркектер үй-бүлөсүндө болгон жагдайдын баардыгын энеси менен талкуулаган аялдарды жактырышпайт. Кайненеси үйбүлө ишине аралашканын эч бир эркек жактырбайт.

Ушакчы аял

Эркектер ар дайым өзгөлөрдү сөз кылып, сыртынан ушак айтып отурган кыз-келиндерди жар кылууга ашыгышпайт.

Күйөөсүн башка эркектер менен салыштырган аялдар

Эркектер өздөрүн бирөөлөр менен салыштырганды эч качан жакшы көрүшкөн эмес.

Ар дайым арыктоо үчүн диета кармаган аял

Эркектер ар дайым даамдуу тамак жегенди жана тоё тамактанганды жакшы көрүшөт. Ал эми дасторкон башында отуруп алып, диета кармап жатканын айтып отурган аял аларга такыр жакпайт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости