www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
29-июлда Англиядагы элчилигибизде, Канадалык "Центерра Голд Инк" компаниясы менен биздин бийлик өкүлдөрү "Кумтөр" боюнча документтерди алмашуу (ажырашуу) процедурасын өткөрүшүп, бул маселеге точка коюлганын айтышкан. Анын жыйынтыгы боюнча, "Кумтөр" Кыргызстандын карамагына өттү, тарыхта мындай болгон эмес, бул чоң утуш, биз жеңдик дешип, бийликти колдогон кээ бир массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кадимки майдандагы душмандын таш-талканын чыгаргандай сыпатташса, Президенттин басма сөз катчысы "элдин үмүтү акталды, күткөн күн келди" деп, кыргыз элинин үмүтү акталганын баса белгилеп кеткен эле.
Алардан айрымаланып, 3-августта Малайзиядагы биздин элчибиз А.Бекназаров, "эң аянычтуусу "уттук" деп жаткан жаңы келишим менен "Кумтөр" алтын кениндеги "коррупцияны жана коррупционерлерди" өздөрүнүн колдору менен легалдаштырып чекит коюлганы болуп жатат... Эң кызыгы, отуз жыл эмне күрөштүк эле, анда ошол күрөшкөндөрдүн арасынан меники менен Ташиевдикин кошуп, күлүн көккө сапырыш керек" деп, келишим боюнча өз пикирин айтып чыкты эле...
Эмнегедир, берилген маек түштөн кийин бардык маалымат булактарынан өчүрүлүп, эртеси Президенттин маалымат катчысы аны "жумушун тарта албаганы үчүн..." дегендей формулировка менен ээрден алып түшүшкөндүгүн жарыялашты. Кийинчерээк, Азимбек мырзанын мурунку эмгектерин баалаштыбы, сотко берем дегенинен чочуштубу же чындык катуу тийип, эмоцияга алдырган каталарын моюнга алыштыбы... "кызматтан бошотулду" деген жөнөкөй эле формулировка менен Президенттин жардыгын чыгарышып, бары бир кызматтан бошотушту. "Слово не воробей, вылетит не поймаешь" дегендей, анын айтканы коомго тез тарап, көпчүлүктүн оюн алтын тарапка буруп таштады.
Ушуну менен бирге, келишимге каршы пикирин билдирген жарандарга, бийлик өкүлдөрү келишимдин артыкчылыгын, өздөрү айткан утуштары боюнча конкреттүү аргументтер, цифралар жана фактылар менен түшүндүрүп, так маалыматты бергендин ордуна, мамлекеттин маалымат ресурстары жана "тролл-мролдору" аркылуу аларды "бузукулар," "ич күйдүүлүк кылып жатышат," "Кыргызстандын менчигине албадыбы, буларга дагы эмне керек?", "Кумтөрдөн" 50-60 млрд сом түшүптүр го", дешип, адаттагыдай "баса калуу" аракеттери коомдун кыжырын кайнатып, бийлике болгон ишенбестикти күчөтүп, кайрадан "Кумтөрдон" алынган алтындын көлөмү, кимге, кандай баада, кайсы базарда же биржада сатылганын, салык төлөмдөрүнүн төлөнүшү жана түшкөн каражаттын мыйзамда каралгандай сарпталышы боюнча жооп берүүлөрүн талап кыла башташты. 31-августта Президент Садыр Жапаров "Кумтөрдү алуу оңой олтоң болгон жок... Кумтөр кени Кыргызстандын ээлигине толук өттү... Бул биздин ири жетишкендик..." деп, "Кумтөрдү" Кыргызстандын ээлигине өткөндүгүн "ири жеңишке" теңеп, суроо -талап койгондорго жалпылап жооп бергендей болду.
"Кумтөр" маселесине 2000-жылдардан тарта депутат катары аралашып, 2003-жылкы келишимге оппозициялык маанайдагы депутаттар - раматалык А.Масалиев, Б.Акунов Д.Садырбаев жана О.Дуйшеев, И.Кадырбеков, А.Абдимомунов, А.Бекназаров, Б.Асанов, А.Мадумаров, Н.Байло А.Малиев, А.Проненколор менен бирге каршы чыгып, каршы добуш берген жана 2010-жылдан кийин "Кумтөр" көйгөйун көтөрүп чыккан, ошондогу депутат, азыркы Президентибиз С.Жапаровду, бийлик партиясынан (СДПКдан) жападан жалгыз колдоого алган жана "Кумтөрдү" улуташтыруу боюнча, Азимбек башында турган 10 миңдей жарандар демилгелеген мыйзам долбоорунан башка, улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп, Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштаган ошондогу депутат катары, акыркы келишим боюнча өз оюмду айтып коюуну туура көрдүм.
А) "Кумтөр" кени, Канадалык "Центерра Голд Инк" компаниясынын менчиги болуп, алар ээлик кылган эмес, Конституциянын 16-беренесине ылайык "Жер казынасы... Жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп саналат” деп бекитилген. Ушунун негизинде, "Кумтөр" кени алардын менчигине берилген эмес жана андай келишим болгон дагы эмес. Болгону, 1993-жылы “Камеко” менен биргелешип, "Кумтөр Голд Компаниясын" түзүп, "Кумтөр" кенин концессиялык келишимдин негизинде пайдаланып, иштетүүгө гана берилген. Ошонун негизинде, "Кумтөр" кени бизге өттү" деген сөз, туура эмес. Биз, болгону "Центерраны," кенди пайдаланып иштетүүсүнөн четтетик. Тагыраак айтканда, кууп чыктык.
Б) 2003-2009-жылдардагы келишимдердин тарыхына, 2010-жылдан кийин Садыр мырзанын алып чыккан материалдарына жана мурунку мамлекеттик комиссиялардын жыйынтыктарына токтобой эле ал, Президент болуп шайлангандан кийинки, өзү түзгөн комиссиянын жыйынтыгын карасак: А.Жапаров, төрагалык кылган мамлекеттик комиссия, былтыр жазында "Центерранын" салык төлөмдөрүн төлөбөгөндүгү жана экологияга келтирилген зыяны үчүн 4 млрд 252 млн доллар төлөп бериши керек деген бүтүм чыгарган. Ал сумма, соттор аркылуу дагы тастыкталып жана бекитилип берилген. (Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компанияга" бир гана таштандыларды туура эмес көмгөндүгү үчүн 261,7 млрд сом. Жогорку Сот тарабынан Страховой төлөмдөрдөгү карыздары үчүн 2 млрд 105 млн 631 миң 566 сом, жалпысынан 263 млрд 805 млн 631 миң 566сом).
Эми, акыркы "ажырашкан" келишим менен биз, бул дооматтарыбыздан баш тартыпбыз дагы, "Центерранын" келтирилген экологиялык зыянын жана анын төлөбөгөн салыктарын кечирип, 4 млрд. 252 млн АКШ долларын өзүбүздүн мойнубузга илиптирбиз. Анда, ушул маселе боюнча кечээ жакында эле коррупцияга шектелип, К.Ташиев тараптан кармалып, камалып чыккандардан кечирим сурашып, моралдык жактан келтирилген зыяндарынын төлөмдөрүн төлөп беришеби же алардын "отуруп чыккан" оордуна Д.Кутманова менен келишимге кол койгондор өз ыктыярлары менен барып отурушабы? Же К.Ташиев өзү жооп береби? Мунусу кандай болот?
В) ЗАО "Кыргызалтындын" "Центеррада» 26.1% акциясы бар болчу. Биз, ошол 26.1% акцияларыбызды "Центеррага" "жөн эле" берипбиз. Ал эми "Центерра Голд Инк" компаниясы төмөнкү кен байлыктардын ээси болчу: "Гацурт" Монголия (100%); "Оксют" Турция (100%); "Хардрок Гол" (100%) , Канада "Онтарио"; "Самбер" (75%); "Лаогукси" Кытайда (70%); "Акарча", "Самлы", "Элмалы" (70%) Турция; "Кара-Бельдар" Тыва РФ (70%). "Центерра" андан башка дагы эки шахтаны башкарат эле, алар: "Маунт Миллиган" - Британиянын Колумбусунда. Ушулардын 26.1% акциялары биздики эле да. Өз учурунда, ушул кен байлыктар "Кумтөрдун" эсебинен сатылып алынган болчу. Баасы 1 млрд долларды түзөт. Эмнеге, кайсы негиз менен булар "жөн эле" берилди? Же, Т.Бөлтүрүк мырзаны Канаданын соту соттобош үчүн "белек" катары берилдиби???
Г) Канадалыктар биздин экологияга өтө чоң зыян келтиришти, алар, "Давыдов" жана "Лысый" мөңгүлөргө, ачылган породаны көмүшүп, мөңгүлөрдү жок кыла башташкандыктын кесепетинен, техногендик селдин жүрүшүнө жана жердин жылышына алып келишти. Эл аралык эксперттердин айтуусу боюнча, алар кенди иштетүүдө "отвалдарды сактоо" боюнча проекти жок иштешиптир.
Эми, өзүбүздүн эсебибизден кошумча каражат бөлүп, жаңы проект түзүшүбүз керек экен да? Биздин, "Геоприбор" деген компаниянын геофизикалык изилдөөсүндө, негизги уу калдыктар сакталган (хвостохранилища) жайга жанаша аккан Арабель суусунун башкы агымынын бир аз эле алдында, талый грунт (эриген грунт, температурасы 0 градустан жогору) бар экени аныкталып, кийин ал, уу калдыктары жаткан жердин туруктуулугуна коркунуч келтирээрин айтышкан. Ушулардын баары өзүбүздүн моюнубузга илинип, биздин баш оорубузга айланган турбайбы? Эгерде, бизге келтирилген экологиялык зыяндарды, төлөбөгөн салык төлөмдөрдү жана колдон кеткен 26.1% акцияларды жана жогоруда айтылган кошумча чыгымдарды эсептесек, жалпысынан 5.5 млрд доллар каражатты түзөт экен. Бул каражаттарды кайсы булактан алабыз? Мындай сумманы качан табабыз?
Апрель айында Садыр мырза "Кабар" маалымат агенттигине маек берип жатып, "Адистердин эсебине таянсак жакынкы 10 жылда Кумтөрдон болжол менен 5 млрд доллар киреше, башкача айтканда 160 тоннадан 200 тоннага чейин алтын алууну көздөп жатабыз" деп айткан. Анда, биз 10 жыл иштеп, 200 дөй тоннага жакын алтын казып алып, аны сатып, бир тыйын киреше албай түшкөн каражаттардын бардыгын "Центерра" таштап кеткен көйгөйлөрдү чечүүгө жумшайт экенбиз да? Ушул утушпу же жеңишпи? Ушуну кыргыз эли күттү беле? Ушулбу кыргыз элинин үмүтүнүн акталганы?
Эгерде, чындап эле бийлик өкүлдөрү айткандай, жеңиш болсо, анда, элдин отуз жылдан бери эңсеп келген үмүттөрүн актаган атка минерлерге кыргыз эл баатыры деген наам берип, "Кумтөрдун" алтынынан жасалган эстеликтерин "Ала Тоо" аянтына орноту керек. Келечекте да эстеп жүрүү үчүн, 29-июлду жеңиш күнү деп, мыйзам аркылуу белгилейли. Утуш менен жеңишке алып келген азаматтарыбыздын эмгектерин бааласак, майдаланбай ушундай баалайлы.
Ал эми, утуш болбой, тескерисинче уткуруш болуп, 5.5 млрд долларлык чыгым менен зыяндарды өзүбүздүн моюнубузга илдирген, анын ичинен 26.1% үлүш акциябызды "жөн эле" бердирип, келишимге кол койгон жана кол коюуга руксат берген министрлер кабинетинин мүчөлөрү кызматтан кетип, кыргыз элине жасаган кыянаттыктары үчүн, жоопко тартылышы керек.
А.Жапаровдун билдирүүсүндөгү "Центерра" бизге рекультивацияга 50 млн доллар төлөп берет деген маалыматы боюнча айтсам, Акылбек мырза, орусча айтканда "лукавить", ал сумма "Центеррага" эч тиешеси жок, проекте каралган каражат. Эгерде, чынында эле проектке каралган суммадан тышкары 50 млн доллар берген күндө дагы, аны 5.5 млрд доллар менен салыштыруу мүмкүн эмес.
Президент, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана сүйлөшүү процессине катышкан атка минерлер, "Кумтөр" маселесин чечүүдө Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоп калуу максатта, бизге келтирилген экологиялык зыяндарды, төлөнбөгөн салык төлөмдөрүн төлөтүүнү жана 26.1% үлүш акциябызды сактап калуу жолдорун караштыбы? Өзү, "Кумтөр" маселесин башка жолдор менен чечсе болот беле? "Безвыходных ситуаций не бывает" дегендей албетте, башка жолдор менен биздин кызыкчылыктарды коргоп калса болот эле. Алар:
1. "Кумтөр Голд Компанинин" үстүнөн тышкы башкарууну киргизбеш керек болчу. Аларды сүрөп чыгып, тышкы башкарууну киргизүү менен биз, эл аралык арбитражга кабыл болуп алдык. Бул, трагедиялык ката болгон.
2. Ушунчалык "баатырдык" менен тышкы башкарууну мыйзамсыз киргизгенден кийин, мировой келишимге шашып кол койгондун ордуна, алардын койгон доолоруна арбитраждык тосмо доолорду берип, аягына чейин күрөшүш керек болчу. Мисалы:
2.1 2003-жылдын 31-декабрындагы "Кумтөр" проектисин реструктуризациялоо келишими менен инвестициялык келишим, биздин укуктук нормативдик актыларыбызга каршы түзүлгөн. Биринчиси, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын 2003-ж 20-июнундагы З№-1232-11. Токтомунда "Жогорку Кеңештин уруксаты жок болсо, келишимге кол коюуга тыюу салынат" деген нормага карабай, Өкмөт, 2003-жылдын 31-декабрында "Камеко Корпорейшндин" сунушу менен "реструктуризациялоо жөнүндө келишимге" Жогорку Кеңештин уруксаты жок кол койот. Экинчиси, Генералдык Келишимдин 4.9 (f) бөлүгүндөгү эскертүүдө "Кыргызалтындын" "Кумтөр Голд Компанидеги" акциялары, "Өкмөттүн өзгөчө уруксаты болбосо жана сатып алуучу Өкмөт тараптан көзөмөлдөнбөсө, анын акцияларын сатууга руксат берилбейт" деген талабын дагы бузуу жолу менен жүзөгө ашырышкан болчу. Ошондуктан, кийинки түзүлгөн бардык келишим жана инвестициялык келишимдердин негизинде "Кыргызалтындын" акцияларын "Центерранын" "Кумтөр Голд Компаниге" саткандары, орусча айтканда "ничтожный" (жараксыз) болуп эсептелинет. Демек, жогорудагылардын негизинде арбитражга тосмо доо берип, "Центерранын" өзүнүн (субъектүүлүгүн) мыйзамдуулугун кабыргасынан коюш керек болчу...
2.2 "Кумтөр" проектин реструктуризация жасаган учурда "Кыргызалтындын" "Кумтөр Голд Компанидеги" долясы "Центерранын" активине конвертация болгон эмес. "Центерра", "Кумтөр Голд Компанинин" үлүш акциясын сатып дагы алган эмес. Демек, "Кыргызалтындын" "Кумтөр Голд Компанидеги" акциялары, эч бир өзгөрүүгө учурабай, 66.67% бойдон калган. "Центерра", "Кумтөр Голд Компанинин" 100% акциясына ээбиз деп айткандыры жогорудагы фактылардын негизинде чындыкка жатпайт, 100% акцияга эч качан ээ болгон эмес. Ошонун негизинде 66.67% активин кайра оордуна койдуруп, колдон чыккан кирешени төлөттүрүү боюнча тосмо доону берип, болбоду дегенде контролдук пакеттин ээси катары "Кумтөрдү" башкарып алуу укугун жүзөгө ашырыш керек болчу.
2.3 Негизги акционерлердин ортосунда ("Центерра Голд Инк", "Камеко Карпорйшин" жана "Кыргызалтын") акционердик капиталдарын бөлүштүргөндө эмнегедир "Центерра" менен "Камеко Карпорейшиндин" долялары 66.67% га өсөт дагы, "Кыргызалтындыкы" 33.33% азаят. Мындай жыйынтыкка, акчалай каражаттарды жана активдерди эсептөөдө бурмалоо, манипуляция жолу менен жетишишет. Мисалы:
3. Эгерде, бийлик, арбитраждык талаштан корксо же мурункулардын кетирген каталарын ачыкка чыгарууну каалабай, Кумтөр келишими боюнча кыргыз элин тоноого кол койгон атка минерлерди жоопкерчиликке тарткылары келбесе анда, улутташтыруу укугун пайдаланыш керек болчу.
Улутташтыруу боюнча укук, бул, өзүңдүн табигый байлыктарыңды жана ресурстарыңды эркин башкаруу укугу. Аны БУУнун Генералдык Ассамблеясынын бир нече резолюциясы дагы ырастайт. Улутташтыруу мамлекеттин өзүнүн ички иши. Ал, мыйзам менен кабыл алынгандыктан, эл аралык органдардын бири дагы улутташтыруу боюнча иш-чараларды талкууга ала албайт. Болгону компенсацияларын төлөп берүү маселесин талап кылышы ыктымал. Ал маселе чет элдик соттор аркылуу эмес, өлкөнүн ички соттору аркылуу гана каралат болчу. Мисалы, Биринчи май районунун соттору карагандай эле биздин соттор аркылуу каралмак. Мындай учурларда биз, алардын доолоруна, тосмо доолор менен кайрыла берет болчубуз...
Эгерде, биз, улутташтыруу укугубуздан пайдаланып, "Кумтөр Голд Компананинин" активдерин жана концессиялык келишимди улутташтырсак анда: а) арбритаждык соттук талаштан кутулмакбыз; б) "Центеррадагы" 26.1% акциябызды сактап калмакбыз; в) экология маселесин жана тоо инженердик коркунучтардын баарын чечкенге мүмкүнчүлүк пайда болмок дагы, "Центерра" бизге келтирген экологиялык зыяндын суммасын жана төлөбөгөн салык төлөмдөрүн толугу менен төлөп бермек; г) мыйзам чегинде "Центерра" четке чыгарылып, экологияга келтириген зыяндары үчүн дүйнөлүк коомдогу аброю төмөндөмөк; д) Кыргызстан, элдин кызыкчылыгын коргогон, мыйзамдарды жана эл аралык келишимдерди сыйлаган өлкө катары эл аралык авторитети жогорулап, инвесторлордун келишине жол ачылып, алар үчүн мыйзамдарыбызды эле эмес, экологиябызга өзгөчө мамиле кылууларына да сабак болмок.
Жыйынтыгында, тынчтык (мировой) келишимге кол койбогонго жогоруда айтылган негиздер жетиштүү болчу. Эгерде, Министрлер Кабинети жана келишимге кол койгон атка минерлер, башында эле, эл аралык соттордо уттура турган жолду тандабай, "жети өлчөп бир кесип", бардык варианттарды иликтеп, керек болсо "Кумтөрдун" чырын жакшы билген саясатчылар жана адистер менен кеңешип иш кылганда, азыркы келишимге кол коюлбай жогорудагы айтылган жолдордун бири тандалып алынмак.
Тилеке каршы, элдин кызыкчылыгын көздөгөн эң жакшы оюубуз, максатыбыз жана аракетибиз "хотели как лучше, а получилось как всегда" дегендей болуп, экологиялык көйгөйлөрдүн бардыгы өзүбүзүн моюнубузга илинип, 4.5 млрд доллардык зыянды кыргыз элинин эсебинен толтура турган болупбуз. Эң өкүнүчтүүсү, экологияга эбегейсиз зыян келтирген жана ар кандай манипуляциялык жолдор менен бизди тоногон "Центерраны" жана жеке кызыкчылыктары үчүн, "Центеррага" көмөк көрсөтүшүп, коррупцияга белчесинен баткан биздин атка минерлерди кечирип, өзүбүздүн колубуз менен алардын кылмыш иштерин жапканыбыз аз келгенсип, башка кендердеги 26.1% акциябызды "жөн эле" берип, "Центерранын" сый-урмат менен узатыптырбыз!
Мени таң калтырганы, 2003-2009-жылдардагы "Кумтөрду" реструктуризациялоо шылтоосу менен улуттун кызыкчылыгына каршы келген келишимдердин иштелип чыгышына түздөн-түз тиешеси бар, ошол учурда биздин Өкмөт түзгөн комиссиялардын мүчөсү болгон А.Жапаров мырза, жогоруда айтылган ньюанстарды билет эле да? Эмне үчүн, ал, Президентке ошолорду чечмелеп берген жок? Жок дегенде бул сапар, өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп калса болот эле го? Эмнеге ага барган жок?
Анысы аз келгенсип, "ишенген кожом сен болсоң, кепшеген оозуңду урайын" дегендей, келишимдерди алмашуудан бир ай өтпөй, 23-августа "Кумтөр" компаниясынын жетекчиси Т.Бөлтүрүк жана анын финансалык директору Р.Токтогулов финансылык мыйзам бузуулар болгондугуна байланыштуу ээлеген кызматтарынан четтетилишип, кечээ 1 млрд сом зыян келтирди деген күнөө коюлуп, аны Башкы прокуратура тарабынан ГУВДунун убактылуу кармоо жайына кармап келишти. Т.Бөлтүрүктү алып келишкенде аны болуп көрбөгөндөй макташып, ага болгон ишеним эбегейсиз зор экендигин айтышып, асмандагы ай менен күнгө теңешпеди беле? Мактап, ишеним арткан кожобуздун иштери ушундай болсо, анда, Кумтөрдун көйгөйү дагы алдыда окшойт...
Акырында, Президент, Садыр мырза, 27-августта "Кумтөр" боюнча билдирүүсүндө. "Эмнеге биз, 500-600 миллиондогон акциядан баш тарттык" деп эл сурап жатат? "Кандай смысел болчу 30 жылда, дивидент катары 30 цент пайда бербеген? Кумтөрду алгандан кийин, алардын "баркы кетти" (обеценились). Бул акциялар жөн эле кагаз болуп калды" дегени боюнча.
Биринчиден, алардан "жөн эле" баш тарткандан ордуна, бул акцияларды сатып, 700 миллиондон көп каражат тапса болот эле. Мен ойлойм, чындык башка жакта. Бул - биздин кетирген катанын баасы болду окшойт.
Экинчиден, "Центерра" дивиденттерди акционерлерине бөлүп бергендин ордуна, башка алтын кендеринин акцияларын сатып алып жаткан, алардын баалары жүз миллиардаган доллардан турат. Эгерде акцияларыбыз ошол бойдон калганда Кыргызстан ошо кендерге кошо ээлик кылат эле. Кендер иштеп, алтынды чыгарып жаткан учурда акциялар эч качан кагаз-магазга айланбайт, мүмкүн биржадагы баага карап, көп болсо кандайдыр бир пайызга төмөндөп же көтөрүлүп гана турмак.
Акыркы келишимге кол коюлгандан кийин, Торонтодогу биржада "Центерранын" акциялары бир аз түшүп, кайрадан 12.79 га көтөрүлүп, акырында 1.39% түшүп, баасы 12.39 канадалык доллар болуп калды. Ушулардын бардыгын экономиканын докторумун деп көкүрөгүн каккан А.Жапаров, Президентке шыбырап койсо, мүмкүн президенттен андай сөз чыкмак эмес.
Эми, "болору болуптур, боёсу каныптыр" деп, бул маселени ушул бойдон жаап, баарына көз жуумп, артка карабай, алдыга умтулуп кете берсек деле болот. Бирок, "Кумтөр" маселеси өзгөчө маселе, Кыргызстандагы чырдын башаты, коррупциянын уюгу анын өзөгүн түзүп, тунгуч премьерибиздин "сырдуу" өлүмүнө, президенттердин куулушуна, парламенттин таркашына, элдин бийлике каршы көтөрүлүп чыгышына, өлкөнүн тонолушуна, мөңгүлөрдүн талкаланышы менен экология маселесине жана кадрдык "катачылыктарга" түздөн түз тиешеси бар экендигин эске алсак, бул маселени жаап коюу туура болбой калат. Анда бир жагынан чоң ката кетиребиз, экинчи жагынан бийликтин коррупция менен күрөшүү аракети нөлгө түшүп, элге берген убадалары куру сөз болуп калат...
Ошондуктан, аны жапкандын ордуна, тескерисинче, жарандык коом жана парламент аркылуу иликтеп, жыйынтыгында барына сабак болгудай адилеттүү чечим кабыл алып, элибизге кыянаттык кылгандардын ысымдарын ачыка чыгаруу менен алардын жоопкерчиликтерин карап, мындан ары мамлекеттик кызматка иштөөлөрүнө тыюу салуу үчүн мыйзам кабыл алышыбыз керек.
Исмаил Исаков, "Азаттык" партиясынын төрагасы
Булак: NazarNews.kg