www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

“Менин милициям мени коргойт” дегендей ИИМдин “приоритеттүү” милдети кылмыштуулукка, аны менен кошо “кримавторитеттерге” айыгышсыз курч күрөш жүргүзүп туруу керек. Бизде болсо тескерисинче ИИМ министри Ниязбеков аларга медаль тагып жатат. Мындайча айтканда “маданияттуу“ жагалданып жатышат. Же болбосо бары бир болуп калганбы? ИИМ министри “кримавторитеттерге” кошоматтанып медаль тага берсин, саламаттыкты сактоо министри коронавируска келген көмөктөргө кол сала берсин. Аларга ишенген эл каякка барат? Орусияда “вор в законелер”, “кримавторитеттер“ менен ИИМ айыгышкыс күрөш жүргүзүп келатат. Деги эле Орусияда эмес, бардык цивилизациялуу мамлекеттерде ушундай. Мейли “ворлорго” канча көрүнбөй кошоматтана беришсин, ал эми аларга медаль тагып жагынуу өтө эле “ашепке” болуп жатат. Медаль таккан жокпуз деп мойнуна алышпай ИИМ министрликте оозун жалаяктай кылышып, каткырып күлүп отурушат. Албетте, заман абдан бузулуп баратканына айгине болуп күрөшүүчү кишилер кодуланууга алынбай, сый –урматка бөлөнүп турат.

Социалдык тармактарда бизнесмен Азим Ройго ыйгарылган медаль менен сүрөтү пайда болду. Күбөлүктөгү жазууга караганда, медаль 2021 жылы 31-мартта берилген. Ал эми сүрөттүн өзү Бишкектеги Relax кафесинде тартылган. Медалдын күбөлүгүнө азыркы ички иштер министри Улан Ниязбековдун колу коюлган. Белгилей кетсек, медаль 2019-жылдын ноябрь айында белгиленген Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата тапшырылган. Мындай медаль Кыргызстандын же Кыргыз ССРинин азыркы же мурдагы милиция кызматкерлерине ыйгарылат. Бул айныгыс мыйзам, көрүнгөнгө жле бериле бербейт. Эмнегедир, ИИМ бул тууралуу маалыматты дагы деле төгүндөгөн да жок. Мекеменин басма сөз кызматы маалымат тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

OCCRP журналисттери өз иликтөөлөрүндө Азим Ройдун «Орусия жана Борбордук Азиянын кылмыш дүйнөсүндө байланышы бар ишкер» экенин жана Кыргызстандагы эң белгилүү кримавторитеттердин бири менен тааныш экенин аныкташкан. Иликтөөчү журналисттер Азим Рой кримавторитеттердин жакындарынын бири менен бизнес кылып жүрөт деп эсептейт. Ал 1980-жылдары бир нече кылмышка шектелип, соттолуп, кийин соттуулугу жоюлган. Чуулгандуу сүрөт боюнча президенттин администрациясы комментарий берген эмес.

Мындан бир нече күн мурун социалдык тармактарда президент Садыр Жапаров менен ишкер Азим Ройдун сүрөтү тараган. Бул сүрөт качан жана кайда тартылганына президенттик администрациядан жооп берилген жок. Азим Рой тууралуу эмне белгилүү? "Credit Suisse Secrets" иликтөөчү журналисттердин маалымат базасында Швейцариянын Credit Suisse банкында кыргызстандык Рой Азимдин (Орозахун Сайдазимов) эсеби табылганы айтылган. Тергөө Азимдин эсеби 1997-жылдан 2013-жылга чейин активдүү болгонун жана андагы максималдуу сумма 11,6 миллион долларды түзөт, деп белгилейт басылма.

«Көтани» наамга жеткен Өмүрбек Суваналиев оозу-мурду кыйшайбай туруп, азыркы президент Жапаровду жамандап маалымат беттерине чыкты. Албетте, башка адам жамандаса да түшүнөт элек, ал эми Садыр Жапаровго «пешка» болуп, кечээ эле анын таманын жалап жүрүп Баткен облусунун губернаторуна жеткен Өмүрбек Суваналиевдин тез эле «хамалеондой» өзгөрүлүп, чоң мансабынан айрылган соң президентти ушактап турушу туура эмес иш болуп жүрбөсүн? Ал Баткенде губернатор болуп турганда, 2021 жылдын апрелдин аягында Тажикстан менен катуу чыр-чатак болгон. Ал эми ушул уруш чыгаардын алдында губернатордун жогору жактагы эч кимден уруксаты жок Тажикстанга кирип кетип үч күн жоголгону эмнени түшүндүрөт? Бул иши үчүн ал жооп бердиби?

«Президент Садыр Жапаровдун ата мекендик миллионер Азим Рой менен чогуу түшкөн сүрөтү өлкө үчүн уят» деп атат, Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары, Ички иштер министрлигинин жетекчисинин экс-орун басары, отставкадагы милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиев Vesti.kg сайтына социалдык түйүндөрдө тараган сүрөт боюнча ушундай пикирин билдирип.

«2008-жылы мен Нарын облусунун губернатору болуп турганда укук коргоо органдары менин буйругум менен Орусиядан келген коноктор менен уурулардын жыйынын таркатышкан, алардын арасында Руслан Чалдоварский деген ат менен белгилүү Оразакун Сейдазимов да бар», - деп эскерет Өмүрбек Суваналиев. - Ал АКШга көчүп келгенден кийин Азим Рой болуп калды. Белгилүү бир чөйрөдө белгилүү адам. Ал ок атуучу куралдарды, маңзаттарды мыйзамсыз сактоо, пайда табуу жана кол салуу боюнча соттолгон. Кийинчерээк соттуулугу жок деп акталып, кийинчерээк ал жокко чыгарылган. Бирок, ошентсе да, өмүр бою кылмыштуулук менен күрөшкөндөрдүн мындай сүрөттү көргөнү эмнеси? Тааныштардын көзүнө кантип карайт?".

Өмүрбек Суваналиев чынында 2008 жылы Нарын облусуна губернатор болот. Себеби, 2006 жылы күзүндө Бакиевдик бийликке каршы митингдер башталат. Митингдердин улап соодалашуу башталат. Көп кишилердин башын аттап Өмүрбек Суваналиев Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалат да, кечээ эле өзү баштап келген адамдарды кодулап жүрүп «Көтани» деген элдин наамын алган. Бирок анын ирбити көп узаган жок, аны колдоп жүргөн Феликс Кулов премьер-министрликтен 2017 жылдын башында кетет, 1-2 ай министрдин милдетин аткарып жүргөн «Көтани» кошо тоңкойот. Кулов «Бириккен фронт» деген мөөнөтсүз митингдерди уюштурат да, элди минтингдерге салып берип, өзү «Көтани» менен бирге бийлик менен соодалаша баштайт. Бул митингден пайда тапкан «Көтани» алгач президенттик аппаратта жылуу орунга ээ болот да, 2008 жылдын башында Нарынга губернатор болот. «Кызыл» же милиция губернатор Нарында «Граф» баш болгон  криминалдар «ворлордун» "сходкасын" өткөргөнү чын.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости