www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУ шашылыш жыйын өткөрөт

Кечээ, 13-сентябрда Азербайжан-Армения чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Армениянын өтүнүчү боюнча Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция түрүндө жыйыны өтөт. Бул тууралуу Орусия президентинин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков билдирди.

«Армян тараптын өтүнүчү боюнча бүгүн саат 18:30да убакыт макулдашылып жатат, албетте видеоконференция форматында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өтөт. Буга Армениянын Армения-Азербайжан чек арасындагы кырдаалдын курчушу боюнча кайрылуусу себеп болду», - деди Ушаков журналисттерге.

Эске салсак, шейшембиге караган түнү Армения-Азербайжан чек арасында уруш чыгып, эки тарап бири-бирин кырдаалды курчутуп жатат деп айыпташты.

Баку армян аскерлери азербайжан аскерлеринин чек арадагы турумдарын аткылаганын жана кагылышуу болгонун кабарлады.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Армения тынчтык жараянын үзгүлтүккө учуратууга ниеттенип жатканын билдирди. Эки тарап тең өз аскерлеринин арасында жоготуулар болгонун билдирди.

Эртең менен тараптар ок атышууну токтотууну макулдашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости