www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзам буйлаланган төө эмес

Ыйык деген Конституциянын бир барагын ачып окубагандар толтура. Анткени аны башыңа күч келгенде гана барактап окуй баштайсың. Бирок, анда буйткалуу жагдайлар да көп.

Ошол үчүн соттор оңой эле өзүнө керектүү берене аркылуу бирөөнү кесип жиберсе, экинчисин коргоп калат. Көрсө мыйзамды токугандар эпчилдик кылуу жагынан эч кимге камчы салдырбайт экен.

Кырдаал өзгөргөндө куйтуланганды укмуш өздөштүргөндөр бирөөлөргө куйругун шыйпаңдата башташат. Арийне, андай “күйдүргүлүү” мыйзамдарды жазууга юридикалык сабаты бар, тиштүү депутаттар киришээрин да кепке кыстара кетели. Базардан баргандар, касапчылык кылып жүрүп мандат алгандар мындай жооптуу ишке жарабайт. Маселен азыркы ажо “улуу көчтү” улап кеткенде К. Зулушев менен И. Масалиевдин башына президенттин кол тийбестигин алып салуу “идеясы” түк келмек эмес. Кыйла мыйзамды татаалдаштырууга салымын кошкон Акылбек Жапаров деле тим жатмак. Анткени мамлекеттин биринчи адамынын каш-кабагына кароого туура келди. Эки достун ортосуна от жагылган соң булар аябай эстүүлүгүн айгинелеп салышты. Ошентсе да булак башатын ачып жиберүүгө кандай себеп таасир эткенин акылы бар киши сонун эле түшүндү. Буга анчалык акыл деле талап кылынбайт дечи.

Албетте, ажо тарабынан кол коюлуп ишке кирген мыйзам он күндө кыймылга келди. Алмазбек Атамбаев лидерликтен кетип, анын ордуна төраганын милдетин аткаруучу болуп эл өкүлү Асел Кодуранова келди. Мыйзамды сыйлоого келгенде кеткен ажонун эрки жетет. Анткени өзү да алты жыл өлкөнү башкарып далай оңдоолорго, түзөтүүлөргө, толуктоолорго колун койуп ишке киргизген. Албетте, муну менен эле Атамбаевдин ишпалдасын чыгарып ийдик дегендин өзү реалдуу эмес. Алдыда далай тирешүүлөр болору, компроматтар жыйналары, биротоло чаап түшүүгө аракеттер жасалары турган иш. Антсе да бийлик укуругун накта мамлекетке коркунуч келтиргендерге ыргытса кыйла принциптүү болмок. Болбой эле уланта берсе жетер чегине жеткенде токтотууга күч жеткис “толкундоолор” болуп кетиши ыктымал. Бир тараптуу соккондордун шыкагына кирип кетүү кооптуу болорун көрбөдүк беле?

Булак: "Ачык сөз"

 

Последние новости