www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күнүгө ар кайсы райондордо жайгашкан соттордун алды элге толтура. Анткени камалгандарды эртең менен же түштөн кийин алып келишет эмеспи. Шектелгендердин тууган,туушкандары, колдоочулары, санаалаштары алардын тагдырына кайдыгер болбогону айтпаса да түшүнүктүү. Айрыкча былтыртан бери карай жалаң мурдагы дөө,шаалардын соту уланууда.
Эң жаман жери-соттордун кашаңдыгы, жетеленмелиги, калыссыздыгы болууда. Деги качан өз алдынча чечим чыгара алган соттор келет деген суроонун жообу жок. Кээ бир “чалмага” илинген соттор болсо учурда чет жактарда качып жүрөт. Ишти чала кылгандар болсо эртең тигил безгендердин жолоюна түшпөйт деп айтуунун өзү оор. Айтор, крутой унаа айдаган, арам акчага көзү тойбогон соттордун келечеги жакшы болот деп айткандан заарканып турабыз.
Булак: "Ачык сөз"