www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын Президентин кезексиз шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош Казакстандын эли үчүн бул маанилүү жана жооптуу тандоо болгонун белгиледи.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков жаңы шайланган Президенттин ишмердиги Казакстандын мындан аркы туруктуу жана ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди.

Кыргыз-казак кызматташтыгын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Президент Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, Бишкекте өтө турчу ШКУ Саммитинин ишине катышуунун алкагында жолугушуу тууралуу сүйлөшүштү.

Последние новости