www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кардиологдордун толук көзөмөлдөн өтүү өтүнүчүн 7-июнда Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборуна билдирген.

Аталган борбордун кызматкери Гулмира Ормонбекова: «Эч кандай кыйноо, катаал мамиле болгон жок» деп айтты. Бирок ден соолугуна байланыштуу «кардиологдун толук текшерүүсүнө, УЗИден өтүүгө муктажмын» деди. Кармоо шартын, камераны көрдүк. Жакшы эле экен. Тамак-ашы бар”, - деп айтты.

Ормонбекованын айтымында, Саляновага кардиологдор бүгүн, 10-июнда жөнөтүлмөй болгон.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Салянова кримтөбөлдүн бошотулушуна эч кандай тийешеси жок экенин айткан.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости