www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абылгазиев тууганчыл өкмөт башчысы экенин элдин бары билет. Ал жээндерине «кукловод»  экенине дагы бир далил. Анын жээни Рахатбек Ирсалиев Акылбек Жапаровдун кланын тоңкойто чаап, Кочкордон бир нече ирет депутат болгон. Бабанов Өмүрбектин өмүрлөш досу, бирок негедир өз досун эмес 2017-жылы президентттик шайлоодо Атамбаевди колдоп, Бабановго каршы чыккан. Анткени СДПК мүчөсү, "Юнис-Курулуш" курулуш компаниясынын, "Альба", “Стройиндустрия”,  Wintech  ишканаларын, Кочкор автовокзалын менчиктештирип "Ынак-Сүт" компаниясын жетектейт. Досун колдосо Атамбаев гитара чертип туруп аны параша жедиртип ырдатып коймок. Депутат катары Абылгазиевди көтөрмөлөп Атамбаев аркылуу  Соцфондко жетекчи кылдырып, өкмөт башчысына келишине себепчи болгон.

Ирсалиев Медер Социалдык фонддун төрагасы. Абылгазиев 2010-2016-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда лесепет тээп жүргөн жээнин Соцфонддун аппаратын жетектеткен. Өзү 2016-жылы өкмөт апппаратына вице-премьер болуп кеткенде жээнин Соцфонддун төрагасына орун басар кылган. Абылгазиев премьер-министр болор менен жээни Ирсалиевди унуткан жок 2018-жылы майда Соцфондго төрага кылды. Эмне Соцфонд Абылгазиевдердин менчиги болуп калганбы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости