www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркүн көздөр, түрдүү тагдырлар. Муңайым тартып, бөлөк-бөтөн адамдардан боюн алыс кармап, ошентсе дагы пенделиги жеңип, «келгендер ким болду экен, эмнеге келишти?», — деп жактырып-жактырбай тургандары дагы аздыр-көптүр байкалып турат. Ар бир адамдын артында анын тарыхы, басып өткөн жолу, жакшылыгы, ийгилиги, арманы, өксүгү бир сөз менен айта салганда, өмүр тагдырлары бар. Мына ошол тагдыр адамдын «алыскы сапарынын» аяктарын, соңун түрдүү жол менен даекке (финишке) жакындатат экен. Көрсө, адамзат жаш кезинде көп нерсени аңдай бербей, күнүмдүк турмуш менен жүрүп, түбөлүктүү нерселерге: ден соолукка, үй бүлөгө, бала-чакага, тууган-туушкандарга тийиштүү көңүл бура бербей, бир кезде жердин киндигинен түшкөндөй эле жашай берет турбайлыбы. Аттиң…

1-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу «Карылар үйүнө» КРнын Жогорку Кеңешинин, «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Тотонов Нурбек менен бирге баруу вазийпасы туш келип калды. Коомубуздун аялуу, жаралуу бир бөлүгүнө айланган ал жерге куру кол барбай азык-түлүк, тамак-аштарынан жетиштүү салып, алардын ал-акыбалдары менен таанышуу үчүн барып келдик. Карылар үйүнүн жетекчилиги менен күн мурун сүйлөшүлгөндүктөн даярданып, күтүп турушкан экен. Жолугушуп, учурашып алгандан кийин эле, дароо, чарбасы менен, тагыраагы, жергиликтүү тургундардын демөөрчүлүктөрү менен курулган кичинекей намазканасы, азык-түлүк сактай турган, кеңейтилген кампалары менен тааныштырып чыкты. Андан соң карылар жаткан жатакка кирип, ар бир туруучу менен депутатты жакындан тааныштырып өттү. Эң таң калыштуусу бири дагы өз тагдырлары тууралуу сөз кылууну каалабай, тетирисинче, коомдогу болуп жаткан көйгөйлөрдү айтып, чоң саясаттан кеп салышып, Осмонбек Артыкбаев жөнүндө сурашып, кабар алган депутатка ыраазычылыктарын айтышып, баталарын берип жатышты. Бирок алар канчалык өз тагдырларын жашырууга аракет кылышканы менен жүздөрүндөгү өксүктүн издерин, жүрөктөгү айыккыз тиликтерин жашырууга мүмкүнчүлүктөрү жетпеди, жетпейт эле. Алардын бардыгы менен таанышууга, сөздөрүн угууга менин күчүм, жүрөгүм түтпөдү, акырын сыртка чыга жөнөдүм. Эмнегедир, мүмкүн, кимгедир, туталанып сыртта басып жүрө бердим. Ал эми депутат, депутаттыгына салып чыдады, ал чыдашы керек. Анткени менен анын дагы жүрөгү ооруп, кан тамырлары жарылып турганы көздөрүнүн алдына түшкөн капалыктын изинен билинип турду.

Карылар үйүндө жалпы 31 адам, анын ичинде 1 орус, 1 татар, 1 азербайджан, ошондой эле, бул мекеме КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине карагандыктан көпчүлүгү башка райондордун тургундары экен. Көйгөй катары эшиктин алдын асфальтатып, анан да карылар үйүнө келе жаткан жолдо арыкка суу түтүгүн коюп, оңдотуп берүүнү карыя аталар өздөрү суранышты. Андан сырткары, тамак-ашка акча аз бөлүнүп жаткандыгын айтышып, кагаз жүзүндө кайрылуу беришип, бат-бат кабар алып турууну суранышты.

«Карылыкка жаш кезиңде кам көр», деп көсөм карылар айтса, «жашай береличи, көрөбүз да», деп тоң моюнданып калмай адатыбыз бар. Карылык бат эле келет экен. Канткен күндө да даярдана жүрөлүчү… Ошондуктан алгач, карылар, жетим балдар үйлөрүнө кам көрүү эмес, ошолорду болтурбоого, башкача айтканда, карыган ата-энелерин таштап кетүүлөрүнө, жөнү жок жетимдердин көбөйүп кетүүсүнө жол бербейли. Кыргыз эли эч качан, карысын дагы, жетимин дагы жолго таштаган эмес. Албетте, бардык нерсе барып эле салыштырмалуулукка барып такалат экен. Ошондой болсо дагы…

Даанышман кыргыз «Жолдон кары адам көрсөң, амандашып өт, атаң болуп калбасын. Жаш бала көрсөң, башынан сылап өт, балаң болуп калбасын» деп бекер жеринен насаат кылып кетпегендир, анынсыңарыдай жылуу сөз, жылуу мамилелер гана адамдын адамдыгын арттырат. Кайдыгер болбойлу…

Октябрь КАПАЛБАЕВ

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости