www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин да, премьердин да, парламенттин да таасири төмөндөп коррупционерлер гүлдөгөн маал бүткөн сыяктуу. Алдыга бир кездеги “досу”, бир кездеги “касы” Туйгунаалы Абдраимовду салып Атамбаев кайрадан бийликти алууга аракет кыла баштагандай. Атамбаевдей “экс-президент в законе” элди дүүлүктүрө баштады. Кыргызстанда президент да, өкмөт башчысы да, ал эмес парламент да бийлик талашуудан башка колунан кокон келбей “ит жыгылыш” менен жашоо менен он жыл жашадык. Мыйзам боюнча чечүүчү ролду парламент менен өкмөт чечип, мыйзамда жок болсо да президент башкарууну колуна топтоп алган. Азыркы Башмыйзам боюнча президентке укук берди, мыйзамсыз башкаргандан көрө мыйзамдуу башкарганы туура. 2016-жылдагы Башмыйзамдагы өзгөрүүлөр президенттин абалын “Англия королевасынын” макамына жеткизип, премьердин зоболосун көтөргөн. Эгер ушул мыйзам татыктуу иштесе “вор в законе” дегендей эле мыйзамсыз “экс-президент в законе” пайда болмок. Ал эч мыйзамга таянбай президентти да, премьерди да башкарып өзү чалкалап жата бермек. Мамлекеттин тагдырын чече турган адамдарды президент да, премьер да дайындабай “экс-президент в законе” дайындап, мамлекетти каалагандай калчап, бирок эч нерсеге жооп бермек эмес. Мамлекетти башкаруунун негизги эки түрү бар: парламенттик жана президенттик. 2010-жылы июнда Ош коогалаңы болуп жаткан убакта референдум менен парламенттик мамлекет болобуз деп ойпоң-тойпоңдогонбуз. Бул өз натыйжасын бере алдыбы?

Европада көп мамлекеттер парламенттик мамлекеттер. Парламенттик шайлоодо кайсы партиялар жеңишке жетип келишсе өз өкмөт башчысын шайлашып, алар мамлекетти башкарып, жооп беришет. Бизде жеңип келген партиялар башкарбай эле мурункудай президенттер башкарышып, партиялык фракциялар кол куурчактын ролун аткарып калышкан. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо биринчи орунда келген “Ата-Журт” партиясы коалиция түзүп өкмөт башчысын шайлап,мамлекетти башкармак. Тагдырдын тамашасы менен коалиция түзүү СДПК партиясына берилген. Ал жатындаш “Ата-Мекен” партиясы жана өзүнүн канынан чыккан “Республика” партиясы менен биригип түзүүнү чечкен коалиция парламенттен өтпөй калып, маскарачылыктын шооратын кечкен. Бирок, ага да моюган жок, биринчи келген “Ата-Журт” партиясына жабышып экинчи аракети менен эптеп коалиция түзүшүп, өкмөт кураган. Ошол бойдон “жем” жеген кой сымал парламенттик фракциялар президентке көз каранды болуп калган. Жакшыраак “жем” жеген партиялар президенттин айтканын “ляппай” деп угушуп, мамлекетти кайсай башташкан.

Беш жылдан бери Борбор Азия мамлекеттеринде Өзбекстанда, Кыргызстанда жана Казакстанда президенттик алмашуулар болуп келатат. 2017-жылдын күзүндө 2010-жылдагы Башмыйзам менен президент Атамбаевдин мөөнөтү аяктап, СДПК партиясы өз курултайында көрсөткөн өкмөт башчысы Сооронбай  Жээнбеков президент болгон. Каримовдун диктатордук режими анын көзү өткөн соң 2003-жылдан бери премьери болуп турган Шавкат Мирзияевдин колуна өттү... 2019-жылы көп жылдардан бери президент болуп келаткан карыя Нурсултан Назарбаев 66-жаштагы Касым-Жомарт Токаевге бийлигин өткөзүп берген.

Кыргыз Республикасына президент болуп, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин СДПК партиясынан көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбеков президент болгон. Ошондуктан, СДПК партиясы өз катарын бузбай, Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүн, келечегин ойлонсо, жалпы мамлекет үчүн туура болмок. Жээнбеков жана Атамбаевдин ортосунда болгон мамилелер ар кандай себептер менен сууп, экөөнүн ортосундагы от жагуулардан соң, “Эки тоонун чөбүн эңсеген” жасакерлер мурунку президенттерди кагыштырып, натыйжада “Кой-Таш окуясы” калкып чыккан.

Бул ишти тынчтандырып, Кыргызстанды стабилдүүлүккө алып келүү үчүн орус ишкерлеринин көмөгү менен 2019-жылдын июль айынын аягында Орусиянын президенти Владимир Путин экс-президент Алмазбек Атамбаевди кабыл алган. Кыргызстанда болуп жаткан окуялардан кабарлар Кремль Атамбаевди жакшылыкка чакырган.

Кой-Таш окуяларынын чыгышынын обьективдүү себептери: Кой-Таш айылында болуп өткөн окуялардын обьективдүү себептери көп. Бул окуялар боюнча комиссия жарыялаган отуз бет мүмкүн бир жактуу болуп калар. Ооба, бийликтин алмашты. Көпчүлүк үчүн президенттерди гана алмаштырып койгондой, мурунку президент жанына тамырлап жүргөндөр кийинки президентке ооп, демократиялык эмес, өздөрүнүн терисин сактап калуу максатында парламенттик шайлоого аттанышкан.

Экономикалык жаатында өсүш болгондур, бирок ачык эл алдында сезилген эмес. Мамлекеттик бюджет тарабынан ардактуу кесиптин ээлери мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү 2019-жылдын октябрынан башталды. Буга сүйүнүп акактап кол чапкыча, кыргыз эли таянган ундун баасы асмандап кеткен. Бир-эки күн электр жарыктары өчүрүлүп, эл кайсы заманга туш болуп баратабыз деп, акыл тегереткиче кайра өз ордуна туруп, кудайга тобо электр жарыгы ошол заманда суукта өчпөй калды. Анча-мынча кеткен экономикалык аксоолор бир гана Кой-Таш окуясын баштаган Алмазбек Атамбаевге эмес, элди колдогон жана азыркы бийликти сүйбөгөндөр үчүн чок ыргытары белгилүү. Ошондуктан, бийлик да, отуз бет Кой-Таш окуясы боюнча каралоо келди деп шапкесин ыргытып жаткан Бабанов да, Атамбаевди каралоону гана эмес, элдин жашоосун бир аз илгерилетүүнү ойлонуш керек эле. Турмуш бумеранг Кой-Таш окуясынан соң камалган Атамбаевге сүйүнгөн Бабанов эле, кийин Бабанов камалып жатса Атамбаев “зонада” шапкесин ыргытып жүрдү.

2021-жылдын 20-сентябрында бул сот отуруму жандардырылды. 2019-жылдын августунда болгон Кой-Таш окуялары боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жаткан соттук иште мурдагы депутат Равшан Жээнбеков – сотто төрагалык кылган Азирет Медеров келечекте кылмыш жообуна тартылат деп билдирди.Анткени элди көрүп жашып кеткен Жээнбеков мындай деди:

«Сот көз каранды. Мен бул сотту генералдык прокуратурага арыз жазып, кылмыш ишин козгоо тууралуу сурадым. Бул сот мүмкүн бүгүн жооп бербейт, бирок келечекте – мынакей, Молдовадагы сотторду камап атат, прокурорлорду камап атат – биз дагы келечекте 30-40 сотторду, саткын сотторду, прокурорлорду, дежур прокурорлорду, тергөөчүлөрдү, баарын келечекте кылмыш жоопкерчилигине тартабыз».

Жээнбековдун сөзүнөн кийин журналисттер сот залынан чыгарылгандыктан, сот Медеров Жээнбековго эскертүү бердиби же жокпу, бизге белгисиз, бирок мурда мындай сөздөр үчүн сот иштерине катышкан ким болбосун жазага тартылчу. Ишти караган сот канчалык уятсыз же өйдө жактан айтылганды канчалык лаппай деп аткарса дагы, иш жүргүзүп жаткан учурда ал кол жана сөз тийбестикке ээ.

Кыргызстандын соңку тарыхында сотторду маскаралоону Алмазбек Атамбаев баштаган – ал соттор менен башка бийликти гана эмес, президентти да ар башка сөздөр менен сөгүп, кыймыл-аракеттери менен анын намысына тийген. Үйү жакын иттин куйругу узун дегендей, Атамбаев сырткы күчтөрдүн ага жан тартканына таянган, анткени өзү саткан Кыргызстандын эгемендүүлүгү канча тураарын жакшы билген.

Равшан Жээнбеков бир жарым айдан бери камакта, бирок абакта жатканы анын тышкы турпатына эч таасир тийгизбегендей жана ал дагы – Кыргызстьандын жаңы бийлиги ошол эле күчтөргө канчалык көз каранды экенин жакшы түшүнөт. Ал күчтөр өздөрү кутум даярдабаса дагы, анткен күчтөргө канчалык жардам көрсөтүп жатканы көрүнүп эле турат, ошондуктан соттор дагы, прокурор менен тергөөчүлөр дагы мындай мазактоону унчукпай угууга аргасыз – а балким эртең бийликке кайрадан атамбаевчилер келет?

Ушундай абалга жеттик. Мыйзам, тартип, эреже тууралуу сөз да болбой калды. Жакында окуучулар – бизди туура эмес окутуп жатасыңар деп мугалимдерлди кагып, мени туура эмес тарбиялап жатасыңар деп балдар ата-энелерин сындап, газды туура эмес бастың деп жүргүнчүлөр таксисттер менен уруша турган мезгил келип калды. Жана андайга жооп кайтаруу кыйын, анткени баарыбыз качандыр бир кандайдыр ката кетиргенбиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости