www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
VIII бөлүм
Ошентип, Кыргыз ССР Жогорку Советинин биринчи сессиясы жабык деп жарыялайт (аталган стенографиялык отчет, 313-314-66.). Төраганын жогорудагы сөздөрү азыркы күндүн көзү менен карасак, көптөр күлүп жиберет болуш керек. Айыл чарба министринин сөзү го деп.
Биринчи сессияны жүрүшү боюнча А.Эркебаев «1990 г: Приход к власти А. Акаева» Бишкек, 1997 г. деген китебинде, ошондон жети жылдан кийин мындай деп эскерет: «Первая сессия Верховного совета: победа номенклатуры» деп, менимче, туура жазган.
Бирок А.Эркебаевдин китебинде буга жалпы коммунисттер эмес, бир гана А.Масалиевди күнөөлөгөндөй кылып, «Күн тартиби боюнча Текебаевдин, К.Акматовдун өзгөчө мааниси бар улуттук суверендүүлүк, көз карандысыздык, президенттик постту киргизүү, жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү ж.б. сунуштарды эске албагандыгын жазып, «А.Масалиев даже не счел нужным поставить на голосование предложение депутатов О.Текебаева и К.Акматова, подводя итоги обсуждения своими комментариями, в результате при открытом голосовании карточками повестке дня было утверждена так как того захотели. Лишь трое голосовали против» (А.Эркебаев, аталган китеп, 36-37-бб.).
Ушундай эле ойду К.Акматов да өзүнүн жогоруда аталган китебин де жазганын айттык.
Акыйкаттык үчүн белгилөө керек, А.Эркебаев айткан депутаттар 6. Текебаев менен К.Акматовдун сунуштары оозеки, каалоо, пикир денгээлинде гана айтылганын, ошол эле учурда төрагалык кылуучу А.Масалиев аларга бир нече жолу «Жазуу түрүндө бергиле», «Туруктуу комиссиялар карашсын», «Күн тартибинин кайсы жерине киргизүүнү сунуш кыласыз?» деген кайра суроосуна, мисалы К.Акматов: «Мен коомдук башталыштагы комиссияны айтып жатам» деген жоопторуна, тактап айтканда, күн тартиби каралып жатканда алдын ала даярдалган конкреттүү жазуу түрүндөгү сунуш болбогонуна байланыштуу коммунисттер тарабынан даярдалып, депутаттарга таркатылып берилген күн тартиби бекитилгенин белгилей кетели. Биринчи сессиянын стенографиялык отчетун анализдеп, окуган кишиге чынында эле жаңы парламентте Компартиядан башка саясий күч жок экени, К.Акматов, А.Эркебаев, Ө. Текебаевге окшогон 4-5 депутат СССР Жогорку Советиндеги «Реформатор», «Демократ», «Радикал», «Көз карандысыз» депутаттардай болобуз деген «үмүттөрү» бар гана экенин, бирок алардай болуу үчүн парламенттик тажрыйба, саясий укуктук билим, туруктуу саясий көз караштагы позиция, саясий дух жетишпестиги билинет.
Сессия башталгандан бир күн мурда кыргыз коомчулугуна «бомба» жарган Ж.Сааданбеков биринчи сессияда лидерлик сапатты, активдүүлүктү көрсөтпөдү. Кыргызстан Компартиясы, анын лидери А.Масалиевге кысым көрсөтүп, чабуул койгондой конкреттүү айыпты эч ким коё албаган, президенттик институт жөнүндө да А.Масалиев, айрымдар айтып жүргөндөй «категорический» каршы болгон эмес, болгону «күтө туралы», байкайлы деген сөздөрдү айткан.
А.Масалиевдин «ойлонолу», «көрөлү», «сүйлөшөлү», «шашпайлы, «күтө туралы» деген чечкинсиздиги анын күнөөлөп чыкканга жетишерлик «айып» болуп бербейт эле. Ошондуктан биринчи сессиядагы А.Масалиевдин, ал башында турган Кыргызстан Компартиясынын жеңиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон десек туура болчудай.
Депутаттар Байгазаковдун, Акималиевдин Масалиевге койгон айыбы бир беткей, реалдуу болбогонуна байланыштуу, тескерисинче, бир топ депутаттардын нааразылыгын пайда кылган. Биринчи сессия күн тартибине коюлган 27 маселени тең коммунисттерче үзүрлүү иштеп, кабыл алышкан.
Ал эми кыргыз демократтарыбыз дегендер парламенттегиси да, көчөдөгүсү да А.Масалиевди күнөөлөп чыга турган кара туман, кайгылуу Ош окуясы жакындап келе жатканын анда эч кимиси билбейт эле...
Ошентип, биринчи сессияда «легендарлык» парламент түзүлүп, өз ишин баштаган.
Жогорку Советтин биринчи сессиясынан кийинки Кыргызстандын саясий коомдук абалы жалпы постсоветтик абалдан айырмаланган жок. Компартияга, анын жетекчилерине каршы уюштурулган нааразылыктар күндөн-күнгө күчөп, бир эле Москвада эмес, бардык союздук республикаларда, региондордо, КП БК ичинен да ыдырап жатты.
Горбачевдун кайра куруу саясаты түздөн-түз, ачык эле Компартиянын өзүнө багытталды. Компартиялык диктатурага каршы компаниянын башында Горбачев өзү жана анын президенттик кеңеши, аппараты турду. Компартияга каршы жер-жерлерде атайын түзүлгөн коомдук саясий уюмдар, кыймылдар пайда боло баштады.
Бул компаниянын башында СССР боюнча СССРдин президенти Горбачев өзү турса, республикаларда, региондордо президент институтун киргизүү жана эгемендүүлүк керек деген уюмдар турду.
Кыргызстанда биринчи болуп, 24 майда коомдук, саясий, маданий уюмдардын башын бириктирген жыйын 1990-жылдын 26-майында Кыргыз драмтеатрында болду. Бул жыйында кыргыз демократтарыбыз дегендердин Кыргызстан демократиялык кыймылы түзүлүп, уюштуруу жыйынында анын беш тең төрагасы, курамында 35 мүчөсү бар башкаруу кеңеши шайланган. КДКнын тең төрагалары болуп:
1. Казат Акматов 12-чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты, жазуучу, ал КДКнын саясий идеологу, устав-программасын түзүүдө, уюштуруу иштеринде көп аракет жасап... КДК менен КП БКнын, КДК менен Жогорку Советтин ортосунда ортомчу, элчи болуп жүрдү...
2. Жыпар Жекшеев: КДКнын өзөгүн түзгөн коомдук бири «Ашар» бирикмесинин баш жетекчилеринен...
3. Кадыр Маамказиев - ишкер:
4. Төлөн Дыйканбаев - КДКнын түштүк филиалынын өкүлү...
5. Топчубек Тургуналиев - КДКнын борборун башкарган. Ал эми КДКнын координациялык кеңешинин мүчөлөрү болуп:
Табылды Эгембердиев, Өмүрбек Абдрахманов, Сабыр Мукамбетов, Токтобай Мулкубатов, Тынчтыкбек Чоротегин, Наталья Аблова, Эркин Шерниязов ж.б шайланышкан...
(Т.Тургуналиев. Оомал-төкмөл дүнүйө Бишкек. 2011. 49-50-6б.). Топчуке аталган китебинде: Е.Бур ханов. Ч.Базарбаев, М. Чекиров, С.Дыйканов, К.Кененбаева, Т.Акун, Г.Аблова, Р. Жусупова, Р.Төлөгөнов, академиктер, Т.Койчиев, А.Эркебаев дагы эчен-нечендер КДК аркылуу жаңы Кыргызстан куруу тарыхый иштерине зор салым кошкону талашсыз чындык... - деп жазат (Т.Тургуналиев. Аталган китеп, 50-51-бб.). Топчуке: «... Компартия 150 миндей мүчөлөрү болгон Кыргызстандагысы бул топтун катардагы мүчөлөрүнүн гана эмес, башчыларынын, камчы чабарларынын да далайы ал партияга ишенбей калган... Эчени оппозициялык аракетте болду. Эчени КДКга өттү. Эсимде, 1990-жылы бугу айынын ортосунда 17 адам, анын ичинде мен партиялык •Кыргыз Туусу гезитине жарыялап, Компартиядан чыкканбыз...» деп эскерет (Т.Тургуналиев. Аталган китеп. 51-52-бб.).
Ал эми өзүн КДКнын негиздөөчүсү катары эсептеген К.Акматов КДК кантип түзүлгөнүнөн, кантип чачылганына чейин өзүнүн «Окуялар, адамдар (Мин бир кун)» 1998, деген китебинде ийне-жибине, ар бир КДКнын мүчөсүн КДКга кантип келгенинен бери, алардын өңү-түсү, кебете-кепшири, мүнөзүнөн бери көркөм өнөрү катары келиштире жазган. Анын китебин бир дем менен окуган адам КДКнын негиздөөчүсү сөзсүз К. Акматов экенин, ал эми ыдыратып, «бузукулук кылып ичинен талкалаганы» бул сөзсүз Т.Тургуналиев экенине ишенет. Мен КДКны билгиси келгендерге К.Акматов менен Т.Тургуналиевдин жогоруда аталган китептерин таап окугула деген сунушту берет элем.
Айрыкча, К.Акматовдун Тургуналиев жөнүндө жазгандарын жазгандан да уялам же дитим барбайт. Бирок КДКнын дагы бир «атаманы» Т. Акун: «Казат Акматовдун Топчуке жөнүндө айткандары 100 пайыз туура» дейт.
Уландысы бар...
Булак: NazarNews.kg