www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар

Патенти жок таксисттер иштей алышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Акыл Кемелов "Яндекс" компаниясына карата чара көрүүнү суранганын эскертти. Компания Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөнү менен чет өлкөдө жайгашкан, ошондуктан салык төлөбөйт.

Догоев бул маселе компаниянын өкүлү менен талкууланганын айтты.

Анын айтымында, бул сунушту экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров колдогон. Ведомоство тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгат.

Депутат Улугбек Ормонов, мындай сунуш көйгөйдү чечүү болуп саналбайт, деди.

"Яндекс" Кыргызстандан миллиондорду жасайт. Бул жактан өкүлчүлүгүн ачсын, болбосо жабылсын. Аларга 5 миңге чукул айдоочу иштейт. Патентке айдоочулар төлөйт, компания эмес. Көп эле өлкөлөрдө компанияны жаап жатышат. Бул маселени карап чыгуу зарыл", - деди Ормонов.

Кемеловдун пикири боюнча "Яндекс" мамлекетке салык төлөбөсө, анын ишмердүүлүгүн токтотуудан өлкө эч кандай жоготууга туш болбойт

Мындай боло турган болсо, чечкиндүү болуп, компанияны жаап салуу керек.

Депутат Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылып, таксиситтер үчүн "Яндекске" окшогон ата-мекендик тиркемени иштеп чыгууну суранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости