www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үчүнчү ирет Прага полициясы Чехиянын премьер-министри Андрей Бабишти кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштады. Бул тууралуу ТАСС Прага прокуратурасынын басма сөз катчысы Алес Цимбалага таянуу менен билдирди.

Агроферт холдингинин курамына кирген жана Бабиштин туугандарына таандык болгон «Гнездо аиста» компаниясы ЕБнын каражаттарынан мыйзамсыз субсидия алуу менен алдамчылык боюнча козголгон кылмыш иши кошумча тергөөдөн кийин прокуратурага келип түшкөн.

Айыптоолор Чехиянын премьер-министрине жана анын мурдагы жардамчысы Яна Майеровага коюлган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, алар мыйзамсыз түрдө 2 миллион еврону алышкан.

Белгилей кетсек, компанияга каршы тергөө үч жылга созулуп, 2019-жылы аяктаган. Ошол эле учурда өлкөдө Бабишти кызматтан алуу талабы менен массалык нааразылык акциялары өткөн. Өз кезегинде Бабиш айыптоолорду четке кагып, саясий оппоненттердин чагымы деп эсептейт.

Премьер-министрдин айтымында, алар Чехияда 8 жана 9-октябрда өтө турган парламенттик шайлоонун алдында ишти «жандандырууга» аракет кылып жатышат.

Андрей Бабиш премьер-министрлик кызматты 2017-жылдан бери аркалап келет. Ага чейин Чехиянын Финансы министрлигин жетектеп, 2014-жылдан бери Чехиянын өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары болгон. «Гнездо аиста» ишине байланыштуу ал финансы министри кызматынан кетишине алып келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости