www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туйгунаалы Абдраимов УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча үн катты. Анын айтымында, УКМК анын мүлктөрү тууралуу маалымат тараткандан кийин өзү да таң калган.

«Менин ушунча мүлкүм барбы деп өзүм таң калдым», - деди Т.Абдраимов.

Т.Абдраимовдун айтымында, 3 уулу бар — 31-34 жана 39 жашта.

«Алар элита үйлөрдө эмес, кадимки эле батирлерде жашайт. Кымбат унаа эмес, эски эле унааларды айдашат», - деди Абдраимов.

Ал белгилегендей, жер тилкесин жер реформасы жүргөн 1990-жылдары алышкан.

«Аялымдын Көк-Жарда батири жана кичинекей үйү бар, аны биз 1995-жылы сатып алганбыз. Ал эми менин конок үйүм жана мал сарайым бар (2005-жылдан бери). Азыр мен Ысык-Ата курортунда реабилитациялык борбор куруп жатам, инвесторлор бар жана 400 миң доллар насыя алгам. Документалдуу далилдер бар.

Мен өмүр бою бизнес менен алектенип келем. Ал тургай Кытайга, Иранга, Түркияга барып сатып жүргөм. Ооба, менин Ивановка айылындагы «Кайнар» ЖАКта акцияларым бар. Мен аны 2000-жылдары Россияга жана АКШга туруктуу жашоого кеткен досторумдан дээрлик бекер алгам. Бул тууралуу Ивановка айылынын тургундары билишет. Анан да, 2000-жылдан бери 20 жылдын жарымын бизнесте, жарымын мамлекеттик кызматта өткөрдүм. Мен кыймылсыз мүлктү, автоунааларды, жер үлүштөрүн сатып алып, кайра саткам. Мунун баары УКМКнын маалыматында менин мүлкүм катары көрсөтүлгөн», - деди Туйгунаалы Абдраимов.

Т.Абдраимов мыйзамсыз байыган фактылар аныкталганын 20-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы тараткан. Андагы расмий маалыматта: «А.Т.Д. жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 унаа токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа жана ошондой эле «Ысык-Ата» курортунун территориясында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган», - деп айтылат.

Эске салсак, Абдраимов мурда Борбордук шайлоо комиссиясын эки ирет башкарган, 2018-2019-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ал журналисттин келбетине асылып, коомчулуктун кескин сынынан кийин кызматтан алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости