www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликти мактаган журналист кулга айланат, андыктан бийликти мактоонун кажети жок. Мындай пикирди коомдук ишмер, Кыргызстандын Улуу Британиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Кубан Мамбеталиев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Атайын кызматтар эч кимге билдирбей аша чаппай, бийликти мактабай иштеши керек. Бийликти мактагандан эмне пайда? Бийликти мактаган журналист кулга айланат, андыктан бийликти мактоонун кажети жок. Эгерде бийлик туура иштесе туура, туура эмес иштесе: Бул жерде сиз туура эмес кылдыңыз! Сиз муну туура эмес отургуздуңуз! Бул жерде сиз суроону туура эмес коюп жатасыз! Өтө эле аша чаап кеттиңиз! деп айтабыз», - деди Кубан Мамбеталиев.

Эске сала кетсек, үстүбүзөгү жылдын 14-сентябрында бийликти күч менен басып алууну даярдаган деген шек менен ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган. Ал эми 15-сентябрда, бул иштин алкагында бир катар саясатчылар Ички иштер министрлигинде суракка алынган. Тактап айтканда, депутат Жанар Акаев, экс-коргоо министри Исмаил Исаков жана БШКнын мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине чакырылган. Алар күбө катары суракка чакырылган.

Саясатчылар бийликти басып алууну даярдоого катыштыгы бар экенин четке кагып, саясий куугунтук жарыялаган. Алардын ысымдары 17-сентябрда митинг өткөрүүнү пландап жатышканын маданият ишмерлеринин атынан президентке кайрылуу катында белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости