www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, олуттуу материалдык зыян келтирген шектүүнү кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда Ысык-Көл облусунун 1987-жылы туулган тургуну И.А. кармалган.

Буга чейин ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Каракол шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн ири суммадагы акчаны алдамчылык менен ээлеп алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп келген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын
маалыматына ылайык, 2016-жылы И.А. 1989-жылы туулган З.А. менен бирге «З.П.» аттуу компаниянын директорунун ишенимине кирип, андан соң каржылык махинация жасашкан. Белгилүү болгондой, алдамчылар башка ишкананын атын колдонуп, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун балансынан акча уурдоону уюштурушкан.

2016-жылы Каракол шаарында тротуарларды жана арыктарды курууга тендер өткөрүлүп, анын жыйынтыгында «З.П.» компаниясы жеңүүчү болгон. Андан кийин буюртмачы менен подрядчиктин ортосунда келишим түзүлгөн. 2016-2017-жылдары Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тротуарларды жана арыктарды куруу үчүн «З.П.» компаниясынын эсебине алгач 5 млн сом, андан кийин 2 млн сом которгон. Бул каражат андан ары «З.П.» компаниясына караштуу башка компанияга которулган.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, акча которулган компаниянын башчысы И.А. келишимди бузуп, «З.П.» компаниясынын директоруна айтпастан Ысык-Көл өнүктүрүү фонду менен башка келишим түзгөн. Ошол эле учурда ал келишимге өзүнүн атынан эмес, «З.П.» компаниясынын директорунун атынан кол койгон.

Андан тышкары келишимде айтылган жерлерде курулуш иштери ушул күнгө чейин жүргүзүлгөн эмес, жөн гана курулуш иштери жүрүп жаткандай түр көрсөтүшкөн. И.А. жана анын таанышы З.А. менен бирге 7 млн сомго мыйзамсыз ээлеп, өздөрүнүн муктаждыктарына коротушкан. Анын кесепетинен мамлекетке 7 млн сом зыян келтирилген.

Ушул айдын ортусунда И.А. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 2 айга камакка алынды.

Ал эми З.А. учурда чет өлкөдө жашырынууда.

Тергөө амалдары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости