www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядагы бир дагы кыргыз мигрантынын баласы Кыргызстанга кыргыз болуп кайтпайт!

Белгилүү коомдук ишмер, журналист Мыктыбек Арстанбектин Россиядагы жүз миңдеген мекендештерибизге жасаган мындай ачуу видеокайрылуусу интернеттеги соцтармактарда кызуу талкууну жаратты.

Төмөндө ал видеокайрылуунун текстин беребиз:

- Россиядагы кыргыз мигранттары “Кыргызстанда начар окутат, бул жакта жакшы билим берет экен” деген ишенимде балдарын алып барып орустун мектебине берип салышты. Билесиңерби, эми бир дагы мигранттын баласы Кыргызстанга кыргыз болуп кайтпайт! Бир дагы! Мен жалган сүйлөсөм ушул сөзүмдү кыркып алып кааласаңар сотко бергиле! Эртең дал ошол балдар өзүңөрдү провинциал катары кубалайт Кыргызстанга.

Бул менин сөзүм эмес, аспирантурага даярданып жатканда айрым илимий иштерди барактап олтуруп, андагы кыргыз мигранттарына карата жазылган айрым иштерди көрүп калдым. Ошондо “Кыргыз мигранттарынын балдарынан коркпогула! Аларды орустун балдары менен кошо окута бергиле. Алар келечекте биздин атуулдар болот. Ал эми провинциал ата-энелерин кийин өздөрү жолго салат” деп ачык айтылууда. Туура эмес болсо туура эмес деп жазгылачы, чын аты-жөнүңөр менен. Же болбосо “менин балам 18ге чыкканда нукура кыргыз болуп Кыргызстанга кайтат” деп бирөө-жарымың айта аласыңарбы? Албетте, жок!

Бир кыргыз келечекте кыргызды кармай турган 4-5 жигитти ээрчитип чыгып кетти Россияга, келинчегин кошо. Эми көрөсүңөр, эмне болот. Албетте, ал балдар келбейт. Муну учурда айрым мигрант мекендешетерибиз ачык айта башташты. Ал түгүл ата-энелерин балдары өздөрү каматкан учурлар кездешүүдө.    

Эми, өзүбүз элди таштап, башка өлкөнүн атуулдугун алып, анан компьютерде олтуруп алып “Кыргызстанды кытай каптап кетти” деген эмне? Дагы жакшы, башка жарандыкты алса да “кытай каптап кетти” деп мекен үчүн күйүп коюшууда. Бул үчүн албетте, рахмат. Бирок, эми мындай көйгөйлөргө силердин балдарыңар күймөк түгүл баш оорутуп да койбойт... Менин сөзүмдү түшүнсөңүздөр, балким, кайтаарсыздар...Билбейм, болбосо жүрө бересиздер...

“Ата-журттун, ата-жердин топурагы буйрубаптыр” деген сөз бар, баарыңар билесиздер. Силерге балким ошол топурак буйруп калаар. Бирок, ошол ата топурагы балдарыңарга буйруйбу? Канча бир миң доллар үчүн мекенди таштап чыгып баратканда дал ушуну ойлодуңарбы? “Ушул балдарыма ата топурагы буйруйбу?” деген ой келдиби дегеле?..

Албетте, менин сөздөрүм балким ачуудур, бирок, мени кармап кааласаңар кескилеп сойгула! Эмне кылсаңар ошол кылгыла! Мен айта турган оюмду айттым... Кокус ошол эле кытай кирип келе турган болсо эч нерсе кыла албайбыз. Бул жакта мага окшогон араңжандар эле калган, баардык күч силер менен бирге кетти. Же эптеп бир кыйраткан бийлик шайлай албайбыз. Силер болсо ал жакта туруп шайлоо укугуңардан да ажырагансыңар...

Мына, биздин абалыбыз дал ушундай! Анан калп эле “патриотпуз!” деп төш кагып коесуңар...    

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости