www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар, "кайгыдан саясий упай топтойм " - деп, от менен ойнобогула! Мындай пикирди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Надира Нарматова билдирди.

"Мамлекеттин ички, тышкы коопсуздугун эске албаган, ички купуялуулукту сактабаган депутаттардын эсине!

Баткен окуясындагы аскердик жашыруун сырларды,"айтасың" - деп, Министрдин орун басарын Жогорку Кеңештин комитетинде жарга такап, темиткен жакшы көрүнүш эмес. Жетекчинин ыңгайсыз суроолорго жооп берем деп, аракет кылган жаңылыштыгынан коомдо туура эмес пикир жараттыңар. Суроону ойлонбой берген депутаттар эсиңерге келгиле! Баткендеги агрессия кыргыз тарыхындагы кара так. Депутаттар, "кайгыдан саясий упай топтойм" - деп, от менен ойнобогула!

Жашыруун материалды публикада эмес, атайын кат жолдоо менен алганга, тактаганга ар бириңдин мыйзамдуу укугуңар, мүмкүнчүлүгүңөр бар. Жок дегенде жабык эшик артында суроо, жооп кылып талкуулаш керек. Публикада, пиар жасап мамлекеттин ички сырларынан ачып, тышкы душмандарга күлкү болуп, чырагына май тамызбагыла! Өзүңөр ички душмандардын катарына кошулуп калбагыла. Мындай сабатсыздыктын арты, жыйынтыгы жакшы болбойт", - деп белгиледи Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости