www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президентибиз Садыр Жапаровду терс жолго түртпөгүлө БШК!, - деди мурдагы депутат Надира Нарматова коомчулукка билдирүүсүндө. Ага кошумча Ата-Бейит ыйык жер экендигин айтып төмөнкүлөргө токтолду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев мамлекет башчы Садыр Жапаровго инаугурацияны «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде өткөрүүнү сунуштаганы туура эмес. БШК - кандай ой менен мындай сунуш берди? Таң калычтуу. Өткөндүн терс жактарынан сабак албайлыбы! "Ата-Бейитке барып ант бере кой"- деген сунушту менимче Садыр Жапаровду колдогон көпчүлүк карапайым эл колдобойт деп ойлоймун. Кыргыздын өзүнүн улуттук баалуулуктарында, менталитетинде мындай салт жок. Жакшылыкты элдин биринчи жолку эркин тандоосу менен келген Президенттин ант берүү салтанатын, жакшы пейилди, ниетти түз кылып,өткөргөн жакшы. Ант берүү оңой эмес. Кудай алдында бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алат. Ант берүү - назик нерсе. Антка анттай мамиле кылган маанилүү. Антты тирүү жандарга,келечеке,элге берет.
Берген анттын жоопкерчилиги бар. Убактылуу Өкмөт учурунда пиар кылышып, курман болгон балдардын сөөгү менен аралашып, Ата-Бейитте ант беришип, берген антына, теңирден тескери иш жасашып, ант уруп, Убактылуу Өкмөт эмне болду. Ата-Бейит ыйык жер. Маркумдардын жаткан жерин ант берүүчү эмес, Куран окуп, дуба кылып, керек болсо гүл чамбарлар коюлуп, өткөндөрдү эскерүүчү жай. Маркумдар тынчтыкты сүйөт. Убактылуу Өкмөттүн Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Сариев, Дүйшөбаев, Каптагаев, ж.б. баскан жолду Садыр Жапаров баспай эле, Ата-Бейиттен ант бербей эле койсун! Бул туура эмес. Жакшылыкты, таза жакшы филормонияда же аянтта өткөргөн жакшы. Ата-Бейитте жаткан маркумдар тынч жатсын. Алардын сөөгүн козуп, арбактарга тийишпегиле. Ата-Бейитте Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү артист болуп, рол аткарып, ыйламыш болгону жетиштүү. Ата-Бейитте Убактылуу Өкмөт ант берип, ошол жерде жаткан маркумдардан коркуп, же ошол жерде жаткандардын арбагын сыйлап, Кудайдан коркуп, жыйынтык чыгарып коюштубу! Же жыргатып, мамлекетти оңдоп, өстүрүп койдубу!
Тескерисинче арбактардын убалына калып, уурдап тоноп, тойгуча жеп, өлгүчө карганып, миллиардер, миллионер болуп, ячейка, АУБ банкттан бери тоноп, Бакиевдин мүлктөрүн бөлүшүп, менчиктеп, мародерлук кылышып, Кудайдан коркпой байып, чирип бири жооп бербей басып жүрүшөт. Бир адам жооп берген жери жок. Ошондуктан Убактылуу Өкмөт басып өткөн жолду сунуш кылбагыла БШК!
Садыр Жапаровдун ант берүү аземин, жакшы, ниет, жарым ырыс дегендей, филормонияда миңдеген адамдын алдында же аянтта он миңдеген элдин курчоосунда өткөнү максатка ылайыктуу. Ата-Бейитке барса тек гана гүл коюп, куран окуп, дуба кылып, өткөндөрдү эскерип кетсе болот. Жаңы барактан баштап, бурулуштун жолу болсун десек, өткөндүн жакшы жагынан сабак алалы. Ант берүү - жакшылыктын жарчысы, ийгиликтин ачкычы болсун! Элибиз үчүн ак жолтой, берген антына бекем болгон элге күйүмдүү, кайрымдуу, адилеттүү, жөнөкөй, айкөл, акыйкатты, темирдей тартипти, жоопкерчиликти, мыйзамдуулукту орноткон Президент болсун деп тилейли. Өлкөбүздө тынчтык, ынтымакчылык болсун, - деди Надира Нарматова.
Эске сала кетсек, бүгүн, 25-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев мамлекет башчы Садыр Жапаровго инаугурацияны «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде өткөрүүнү сунуштаган.
Булак: NazarNews.kg