www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Саламатсызбы Надира айым, эки күндөн бери социалдык тармактарда «гөлөч» тууралуу талкуу болуп жатат, жыйында сөздүн төркүнү кимге, кайсы тарапка кетти эле?

-- Маасы, көлөч кийип келишет, деп мен айрым эл өкүлдөрүнө айтканмын! Жогорку Кеңеш дресс кодду сакташы керек. Айрым журналисттер бурмалап жиберди окшойт. Чыны менен эл өкүлдөрү маасы, көлөч кийип келгени туура эмес.

--Сизди маасы, көлөч деп калкты айтты деп жатышпайбы?

--Мен деле анчалык аша чапкандай аңкоо эмесмин. Бизге аталар, апалар келишет, сыртка чыгып туфли кийип келиңиз дебеймин. Айылдын алкышына татыган, элиме анча-мынча болсо дагы пайдам тийген кыргыздын кызымын.

--Сындарды кандай кабыл алып атасыз…

--Түз сөздү ийри кабыл алса өздөрү билет. Жогорку Кеңешке эл өкүлү маасы, көлөч кийип келгени болбойт.

Эске салсак, 28-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова парламент жыйынында депутаттар жыйынга классикалык кийинип келүү зарылдыгын айткан.

«Эл өкүлү болгондон кийин эл бизге карап түздөнөт. Жүрүм-турум, кийген кийимиңерге көңүл бурулат. Классикалык кийим деп киргизип коёлу. Кээде уяласың, футболкасы көрүнүп отургандар бар. Айрымдары маасы, көлөч кийип келишет. Жогорку Кеңештин жыйындарына классикалык кийим кийип келишсин», - деп белгилеген Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости