www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү электр энергиясындагы авария, кыргыз электриктери күтүлбөгөн кырдаалга даяр экенин тастыктады. Мындай пикирин журналист Наралы Асанбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«2 саат электр энергиясы жок олтуруп калып, Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү электр энергия шакегинен чыккан соң, бирөөлөр «Датка-Кемин» электр өткөрүүчү линияны куруп койгону үчүн Атамбаевге рахмат»- десе, дагы бирөөлөр «Долбоор Бакиев бийлигинин убагында башталган, ишке ашкан, Атамбаев даяр долбоордун лентасын кескен» - деп талаш кызуу жүрүүдө. Тарых тактыкты талап кылат. Чындыкты айтуу зарыл. Бул долбоорду ишке ашыруу Акаевдин мезгилинде эле козголо баштаган. Бакиевдин учурунда «Датка», «Кемин» подстанцияларын, «Датка-Кемин» ЛЭПти куруу үчүн чыныгы аракеттер көрүлүп, каражат табуу башталган.
2009-жылы Максим Бакиев Кытайга барганда «Инэксимбанк» менен «Датка», «Кемин» подстанциялары, «Датка-Кемин» электр өткөрүүчү линия 3 долбоорду куруу үчүн протокол түзүп, 190 млн долларга сүйлөшүү жүргүзүп келген. Бул протокол, сүйлөшүү 3 долбоор Бакиев учурунда курулбаганын тастыктайт. Болгону, сметасы түзүлүп, Кытай тараптан насыя алуу жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүүгөн.
Атамбаев бийликке келгенде Максим Бакиев 190 млн доллар деп баалаган 3 долбоорду ошол эле кытайлар менен сүйлөшүп, 389 млн доллар деп баалап, 2 эсеге көтөргөн. Катаал шарт менен насыя алууда арбитраж маселеси, кайтаруу мөөнөтү, пайыздык үстөгүн Каржы министрлиги сүйлөшүү жүргүзгөн эмес, Энергетика министри барып сүйлөшүп келип, «Президент Кытайга баратат. Давай, кол койгула» деп коркутканда, каржы министрлигинин жамааты, ошол кездеги министр Акылбек Жапаров каршы чыккан.
Ал кезде премьер-министр Өмүрбек Бабанов болчу. Акылбек Жапаров менен Өмүрбек Бабановдун пикир келишпеси дагы дал ушул кытай кредити болгон. Анткени, ал жерде арбитраж боло турган болсо Гонконг шаарында гана кытай тилинде, кытай мыйзамдары менен өтөт деп жазылып калган. Жада калса Гонконг соода палатасынын эрежелери менен өтөт дешкенге биздикилер макул болгон.
3 долбоор Атамбаевдин учурунда бүткөрүлгөнү факты. Аны эч ким талаша албайт. Бирок, катаал шарттагы кытай кредити, көтөрүлгөн баада, коррупция аралашкан схема менен курулган. Ошондой жол менен тышкы карызга батканбыз. Азыр ошол кредитти төлөп жаткан учурубуз. Муну дагы унутпаш керек.
Бүгүнкү электр энергиясындагы авария, кыргыз электриктери күтүлбөгөн кырдаалга даяр экенин тастыктады. 2 саатка жетпей калкка электр энергиясын берди. Бул үчүн электриктерге рахмат деш керек», - деп белгиледи.
Булак: NazarNews.kg