www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаада «Эски Бишкек» көп функционалдуу комплексинин курулушу уланууда. Долбоорду Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев ишке ашырып жатат.
Экс-мэр 22-сентябрдын кечинде бешинчи блог толугу менен бүткөрүлгөнүн билдирди.
Нариман Түлеевдин айтымында, кийинки баскыч 25-26-сентябрда башталып, Шопоков көчөсүнө чейин пландалып жатат.
«Жер астындагы шаардын ичинде бүтүрүү иштери кызуу жүрүп жатат: кондиционерлер орнотулууда, полдор менен тосмолор орнотулуп, айнек коюлду. Жылдын аягына чейин бардык иштерди бүтүрөбүз деген үмүттөбүз. Сабырдуулук жана түшүнүү менен мамиле кылганыңыздар үчүн рахмат», — деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.
«Эски Бишкек» долбоорунун ишке ашырылышы тургундардын олуттуу нааразычылыгын жаратты. Көптөр шаардын борбордук көчөлөрү дагы бир соода түйүнү үчүн жабылып жатканына нааразы болушкан.