www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нариман Түлеев депутаттыкка талапкерлигин койот

Борбор калаанын мурдагы мэри Нариман Түлеев Бишкек шаардык кеңешин шайлоого аттануу ниетин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Түлеев шайлоодо жеңишке жетсе, шаардын көйгөйлөрүн чечүүнү өз моюнуна аларын белгиледи.

--"2008-жылы мен өзүмдүн белгилүү көз караштарым менен мэр болуп келгем. Бир жарым жыл ичинде көп нерсеге жетише алдык. Бирок шаарды сапаттуу өнүктүрүү маселесин жада калса чексиз бюджет болгон күндө да бир жарым жылда чечүүгө мүмкүн эмес. А биздин бюджет өтө жупуну эле. Биз белгилүү ийгиликтерге жете алдык, анткени бизде иштөөгө, системаны өзгөртүүгө болгон каалообуз бар эле. Буга шаардыктар күбө. Менде жана тилектештеримде ал каалоо азыр дагы бар.

Бишкектин тургундарын четте карап турбоого чакырам. Бир гана силер жана силердин добушуңар абалды жакшы жакка өзгөртө алат", - деп жазган Түлеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости