www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарындын Эмгек-Талаа айылында Нарын дарыясынын жээгинен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Бул 7-мартта Орто-Нура айылында Нарын дарыясына түшүп кетип, дайынсыз болуп жаткан 8 жаштагы баланын сөөгү экени белгилүү болду. Эске салсак, бөбөк марттын башынан бери изделип жаткан. Ал тестиер балдар менен муз тээп ойноп жүрүп сууга түшүп кеткен.
"21-апрель күнү саат 19:50лөр чамасында Эмгек-Талаа айылында Нарын дарыясынын жээгинде адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине төрт куткаруучу тартылып, анын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Суу жээгинен табылган сөөк буга чейин Орто-Нура айылында дарыяга чөккөн бала экенин туугандары тастыкташкан", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, куткаруучулар, жергиликтүү тургундар баланы бир ай бою издешкен.
Булак: NazarNews.kg