www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети курал-жарактарды, жарылуучу заттарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Нарын облусунда ок атуучу куралдар табылып, алынганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 20-майында Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.
Аталган берене ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сактоо, ташуу жана сатууга байланыштуу жоопкерчиликти карайт.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө М.Н.Т. жана М.Т.Т. аттуу жарандардын жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында ок атуучу куралдар табылып, алынган.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылып жатканы маалымдалды.