www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарындагы Карга жайлоо участкасында жайгашкан «Беккари» чуңкурунун ветеринардык-санитардык абалы текшерилди.

Мониторингди Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Нарын облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жүргүздү.

Текшерүү учурунда объекттин санитардык абалы, тазалыгы, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жана белгиленген ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышы каралды.

Жыйынтыгында «Беккари» чуңкуру ветеринардык-санитардык талаптарга толук жооп берери аныкталды. Объекттин учурдагы абалы тиешелүү нормаларга жана талаптарга шайкеш экени белгиленди.

Мындан тышкары, жооптуу кызматкерлерге ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо боюнча кошумча сунуштар жана эскертүүлөр берилди.

Тиешелүү кызматтар мындай объектилердин санитардык абалына жана талаптардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү мындан ары да улантат.

Последние новости