www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мекен чегинде мекенчилдик сезим менен кайраттанып, жерибизди бербей кармашып жаткандарга чын дилден ыраазычылык билдирем. Мындай пикирин экс-депутат Нарынбек Молдобаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--"Урматтуу замандаштар, аскердик милдетин аткарып жаткан эр-азаматтар кыргызда “эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деген накыл сөз бар. Ким ойлоптур кылымдар бою чектеш, бир туугандай жашаган эл менен минтип каршылашабыз деп...

Эми чоң согушка айланып кетпей, абал жөнгө салынып калса экен деп тилейли. Мекен чегинде мамлекетибиздин тынчтыгын, бүтүндүгүн сактап калуу үчүн кармашып жаткан жоокерлерибизге, бир туугандарыбызга чын дилден ыраазычылык билдирем. Азыр ар бир кыргызстандыктын жүрөгү бычак менен сайгандай ооруп турат. Ар бир жараныбыз жабыр тарткандарга, кантип жардам беребиз деп ойлонуп, группаларды түзүшүүдө. Мекемелер, ишканалар жок эле дегенде бир күндүк айлыктарын которуп жатышат. Баарыбыздын жүрөгүбүз силер менен Баткендик боордоштор, аскердик милдетин аткарып жаткан эр-азаматтар. Мекенчилдик сезим менен кайраттанып, жерибизди бербей кармашып жатканыңарга дагы бир жолу ырахмат айтам", - дейт Молдобаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости