www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында 47 жаштагы киши топурак басып калып каза болду

Нарында 47 жаштагы киши топурак басып калып каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, окуя Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Кара-Чий айылында болгон.

"47 жаштагы Н.А. аттуу киши үйүнө суу киргизүүгө жер казып жаткан учурда топурак басып калып каза болгон. Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар сөөгүн чыгарып Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.

Жерине ӨКМдин үч куткаруучусу тартылганы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости