www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарында алимент төлөөдөн качып жүргөн карызкорго карата жаза күчөтүлдү. Аткаруу өндүрүшүндө жаран А.Э.ден жашы жете элек балдарын багуу үчүн алимент өндүрүү иши каралган.

Соттун чечимине ылайык, алимент 2022-жылдын 28-сентябрынан тартып карызкордун кирешесинин 1/2 бөлүгү өлчөмүндө өндүрүлүүгө тийиш болгон. Бирок бир нече жолу эскертүүгө карабастан, ал милдеттенмелерин аткарган эмес. Жалпы карыз 796 922 сомду түзгөн.

Материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси боюнча ички иштер органдарына өткөрүлүп, Нарын шаардык соту тарабынан карызкорго 600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынган.

Кийинчерээк айып пул төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу, соттун 2026-жылдын 17-апрелиндеги токтому менен жаза 2 жылга эркинен ажыратууга алмаштырылды. Соттолгон жаран сот залынан камакка алынды.

Последние новости