www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарында ата-энесинен ажыраган жетим балдарга жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын областынын прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ата-энесинен ажыраган жетим балдардын турак жай куруу үчүн жер тилкелерин кезексиз алуу укуктары калыбына келтирилди.
Тактап айтканда, көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында ата-энесиз калган 5 өспүрүм балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери ажыратылып, тийиштүү укук тастыктоочу документтери даярдалып берилди.
Прокуратура органдары тарабынан ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мыйзам менен кепилденген укуктарын коргоо багытындагы иштер мындан ары да улантылат.