www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы айылдардын биринде жарылуу болуп, анын кесепетинен эркек киши оң колунан ажырады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жаруулучу затты балдар талаадан таап, үйүнө алып келишкен. Окуя 24-июлда болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, эртең менен коңшусунун үйүнөн катуу жарылуу угулуп, андан көп өтпөй жабырлануучунун жубайы көчөгө чуркап чыгып, жардам сураган.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы окуя каттоого алынганын билдирди. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Милиция жарылган буюмдун кайдан пайда болгонун жана окуянын бардык жагдайларын тактап жатат.

Последние новости