www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан Нарын шаарында расмий “Йакын-Инкар” ДЭУнун тарапташтарына карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин өкүлдөрү катышуучуларга диний ажырымга жол бербөөнүн маанилүүлүгүн жеткиришип, ошондой эле коомдук ынтымакты сактоонун зарылдыгын белгилеп, ханафий масхабына негизделген салттуу исламды кармануунун маанисин түшүндүрүштү.
Мындан улам, “Йакын-Инкар” ДЭУнун тарапташтары аталган уюмдан өз ыктыяры менен баш тартып, ишенимдеринин зыяндуу жана ката экенин моюнга алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана жоболорун, Уламалар кеңешинин чечимдерин жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын талаптарын аткарууга даяр экендиктерин билдиришти.