www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери Нарын облусунун ИИБнын жана КР УКМКнын чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой суу сактагычынын жанынан белгисиз адамдар тарабынан 2 кырдуу жылмакай курал, 1 жылмакай аңчылык куралы, 1 майда калибрлүү мылтык, 1 “Сайга-410” карабини, 59 даана ар кандай калибрдеги октор табылган.

Белгилей кетсек, табылган бардык курал-жарактар менен ок-дарылардын сериялык номерлери, анын ичинде гильзалардагы маркировка маалыматтары өчүрүлгөн.

Азыркы учурда аталган курал-жарактарды сактоочу жайды уюштурган адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости