www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган алдын алуу иш-чарасынын алкагында Кыргызстандын Мусулмандарынын дин башкармалыгынын (Муфтият) өкүлдөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен биргеликте айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө айдоочулар өз өмүрүнө жана башкалардын өмүрүнө кайдыгер карабоого чакырылып, ислам дининде адам өмүрү эң жогорку баалуулук катары каралары белгиленди.

Мындан тышкары, айдоочуларга ылдамдык режимин сактоо, мас абалында унаа башкарбоо жана жол маданиятын жогорулатуу боюнча эскертүүлөр айтылды. Ошондой эле жол коопсуздугу боюнча маалыматтык буклеттер таратылды.

Иш-чара жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

Последние новости