www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында мыйзамсыз кийик аткандар кармалды

Ак-Талаа районунда мыйзамсыз кийик аткандар кармалганынЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-августта райондун Жангыз-Булак аймагында мыйзамсыз аңчылык кылган К. уулу Э. жана Ш. уулу Т. кийик эти, уруксат кагаздары жок 1 даана ИЖ-12 үлгүсүндөгү ок атуучу мылтык, ошондой эле 3 даана балык уулоочу кайырмагы менен кармалган.

Аткарылган текшерүү иштеринин натыйжасында тиешелүү документтер мыйзам чегинде жеринде толтурулуп, кармалган жарандар жана далил буюмдар мындан ары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Министрлик жарандарды жапайы жаратылышты, өзгөчө жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча мыйзамдарды так сактоого чакырат.

Последние новости