www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында 54 кг сейрек кездешүүчү эндиктин тамыры конфискацияланды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын тургуну сейрек кездешүүчү эндик өсүмдүгүнүн тамырын короосунда жайып, кургатып жаткандыгын аныкташкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында кургатылган эндик тамырынын жалпы салмагы 54 килограмм 650 граммды түзгөнү белгилүү болду.

Мыйзам талаптарына ылайык мыйзамсыз жыйналган өсүмдүк материалдары толугу менен конфискацияланып, жаранга Укук бузуулар кодексине ылайык 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Белгилей кетсек, эндик өсүмдүгү өлкөнүн сейрек кездешүүчү жана баалуу жаратылыш ресурстарынын бири болуп саналат. Аны жыйноого Кыргыз Республикасында мораторий киргизилген жана мыйзамсыз казып алуу же жыйноо мыйзам жоопкерчилигине алып келет.

Эндиктин дарылык касиети бар. Анын тамыры элдик жана салттуу медицинада колдонулат. Эндик тоо экосистемасынын тең салмактуулугун сактоого салым кошуп, топурактын эрозиясынын алдын алууга жардам берет.

Последние новости